Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-декабры № 5
“Бакай-Ата айылынын “Бакай-Ата жаштык” футбол курама командаларына Талас шаарында боло турган кичи- футбол боюнча райондор аралык чемпионатына катышуу үчүн жол киресин каржылоо” жөнүндө.
Бакай-Ата айылынын “Бакай-Ата жаштык” кичи футбол курама командаларына Талас шаарында боло турган кичи-футбол боюнча райондор аралык чемпионатына катышууга жол киресин каржылоо максатында Ленинполь айылдык кенешинин 2021-жылдын 01-декабрындагы 9-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылынын “Бакай-Ата жаштык” кичи футбол курама командаларына Талас шаарында боло турган кичи-футбол боюнча райондор аралык чемпионатына катышуу үчүн жол киресине 15.000 (он беш миң) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Атантаев |