Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-февралы № 1
Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү
Акназаров айылдык Кенешинин 32-чакырылышынын депутаттарынын 2022-жылдын 21-февралындагы кезектеги 5-сессиясы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Асылбековдун жайыт комитетинин 2022-жылга бюджети тууралуу маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылга карата түзүлгөн бюджети киреше, чыгашасы менен 476979 сом суммасында баланс менен бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Асылбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы комиссиясынын төрагасы М.Арыкбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |