Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-февралы № 3
«Акназаров айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2023-2024 жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө».
Акназаров айылдык аймактык кеңеши, айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып
Токтом кылат:
Акназаров айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен – 16330,4 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү, төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн (мин сом)
1. Тендөөчү грант -3276,0 миң сом
2. Салык агенти төлөөчү киреше салыгы -5070,4, миң сом
3. Милдеттүү патенттештирүү -7,0 миң сом
4. Ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык - 320,0 миң сом
5. Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдик салык -2,0 миң сом
6. Кыймылсыз мүлктөн алынуучу киреше салыгы -5,6 миң сом
7. Унаа каражат ээсинен алынуучу салык - 656,5 миң сом
8. Короо жай салыгы -353,3 миң сом
9. Айыл чарбасына жарактуу жер салыгы -1191,6 миң сом
10. Айыл чарба багытында эмес жер салыгы - 55,0 миң сом
10. КБФ жерлердин аренда акысы -2700,0 миң сом
11. Жайыт жердин ижара акысы - 477,0 миң сом
12. Калкттуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы - 48,0 миң сом
13. Жайлардын аренда акысы (муниц.жай) - 15,0 миң сом
15. Атайын каражаттар -2153,0 миң сом
Чыгаша бөлүгү -16330,4 миң сом өлчөмүндө, төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
Башкаруу аппаратына - 5489,4 миң сом
Экономикалык маселелер - 318,0 миң сом
Жарандык коргоо ж/а ОК - 200,0 миң сом
ЖКХ бөлүмүнө - 3337,5 миң сом
Китепкана бөлүмүнө - 204,5 миң сом
Айылдык клуб - 405,7 миң сом
Билим берүү бөлүмүнө - 2266,0 миң сом
Бала-бакча бөлүмүнө - 1609,8 миң сом
Соц.коргоо бөлүмүнө - 346,5 миң сом
Атайын каражат - 2153,0 миң сом
1. 2022-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын.(эмгек акы, с/ф ,тамак-аш ,э/эн ж.б.)
2. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте бекитилген сметадан ашып түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү кошумча смета түзүү менен киргизүү жагы айылдык аймактык кеңештин сессиясына сунушталып, планга тактоо киргизүү Каржы Министрлигинен суралсын.
3. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан кварталга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
4. Бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык аймактык кеңешинин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.
5. КР 2018-жылдын 24-майындагы №54 мыйзамын жетекчиликке алып 2022-жылдын 20-январындагы №106 буйругуна ылайык, 2022-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен - 200,0 миң сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
6. Ошондой эле КР «КР бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 21-статьясынын негизинде 2022-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1% ынын эсебинен айыл өкмөтүнүн ар кандай социалдык экономикалык маданий чыгымдарына -162,0 миң сом резервдик фонд түзүлүп, айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
7. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
8. Салык кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмүндөгү салыктар алынсын.
9. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын чегерүүнүн коэффициенти К,1=1,034 болуп, айыл чарба багытында жерлеринин жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти КL=1,034 болуп белгиленсин.
10. КР Өкмөтүнүн 30.05.2013-ж №302 токтомунун 1 пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим берүү Министрлиги аркылуу каржыланаары белгиленсин.
11. 2023-жылдын бюджет божомолунун жалпы суммасы – 11 894,0 миң сом , тендөөчү гранттын суммасы – 3276,0 миң сом, 2024-жылдын бюджет божомолунун суммасы – 12053,0 миң сом, тендөөчү гранттын суммасы – 3276,0 миң сом суммасында белгиленсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
13. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |