Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-октябры № 51
Жайлоого көчүү жана көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Айдаралиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайлоого көчүү 10-июнга чейин, көчүп келүү 25 сентябрдан кийинкиге белгиленсин.
2. Мал эрте түшүп талаадагы эгинге, картошкага зыян келтирсе түшүмдүн чыгымын төлөп берүү жагы белгиленсин.
3. Сарайларга кочкор баккандарга 5 баштан ашпоо боюнча түшүндүрүлүп андан ашык кармоого уруксат берилбесин. Ашыкча малдын башына 10000 (он миң)сомдон айып пул салынсын.
4. Сентябрдын 25-чейин эрте көчүп келгендерге 100000 (жүз миң)сом айып пул салынсын.
5. Таштандыга төлөм акысы 50 (элүү сом) болуп белгиленсин. 3 каптан ашык күл таштандыга чыгарылбасын.
6. Мыйзамсыз жерлерге таштанды чыгаргандарга 5000 сом айып пул салынсын.
7. Кызыл сызыктан өтүп кеткендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
8. Көл-Арык жана күнгөй тараптагы жер үлүшү бар жарандар сугат сууга төлөм төлөө жагы белгиленсин.
9. КР ЖК депутаттарды шайлоого карата мекеме-уюдардын жетекчилери жана кызматкерлер агитациялык иштерге аралашпоосу белгиленсин жана агитациялык иштерге аралашкан кызматкерлерге чара колдонуу жагы белгиленсин.
10. Талаага малды түшүрбөө максатында кароолчулар бекитилсин.
Төрайым | А. Токтогулова |