Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги X сессиясынын
2022-жылдын 11-февралы № 65/10-8
Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2021- жылга карата аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 48-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык, Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2021-жылга карата аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетун угуп, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2021-жылга карата аткарылышы “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А. Курамаев |