Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги X сессиясынын
2022-жылдын 11-февралы № 66/10-8
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга карата аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин мыйзамынын 117-беренесине ылайык, Талас шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2021-жылдагы аткарылганы-151367,8 миң сом өлчөмүндө, чыгаша бөлүмүнүн аткарылышы 146344,1 миң сом өлчөмүндө жана анын ичинен республикалык бюджеттен максаттуу трансферт -1609,1 миң сом берилгени бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А. Курамаев |