Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги X сессиясынын
2022-жылдын 11-февралы № 68/10-8
Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 04.02.2022-жылдагы №01-21/273 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын 1-мартынан баштап, айлык акылары 20 пайызга көбөйтүлгөн штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | А. Курамаев |