Загрузка документа…
Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 1-сентябрындагы № 196/27-8 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги X сессиясынын
2022-жылдын 11-февралы № 71/10-8
Талас шаардык маданият бөлүмүнө Маалымат кызматын ачуу жана анын 4 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 08.02.2022-жылдагы № 01-21/287 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин, Талас шаарынын мэриясынын, шаардык мекеме уюмдардын ишмердүүлүгүн коомчулукка өз убагында жеткирүү жана тыгыз байланышты күчөтүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык маданият бөлүмүнө Маалымат кызматы ачылсын жана 4 штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | А. Курамаев |