Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги X сессиясынын
2022-жылдын 11-февралы № 72/10-8
Талас шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин мыйзамынын 44-беренеси, Талас шаарынын мэриясы тарабынан 28.01.2022-жылдагы №01-21/182 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушу менен Талас шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу планын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 172367,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 172367,1 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Талас шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 1- тиркемеге ылайык, киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.
3. Талас шаарынын 2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын. (тиркеме тиркелет).
2023-жылга киреше боюнча болжолу 176261,2 миң сом;
2024-жылга киреше боюнча болжолу 180272,1 миң сом.
4. Талас шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 2-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
5.Талас шаарынын 2023-2024 жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын.(№ 3,4 тиркеме тиркелет).
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) жүргүзүлсүн.
7. Жергиликтүү бюджеттен 2021-жылы жетишсиз каржыланган бөлүгү 2022-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын.
Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
8. 2022-жылдын шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, шаардык бюджетке 995,0 миң сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.
10. 2022-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдетүү патентөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктан түшүүлөр шаардын жергиликтүү бюджетинин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
б) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаардын жергиликтүү бюджеттерине-50 пайыз өлчөмүндө.
11. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.
12. Чыгашалардын коргоого алынган беренелери шаардык кенештин токтомунун негизинде жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгашаларынын жалпы көлөмүн көбөйтүү жөнүндө же болбосо анын ресурстарын кыскартуу боюнча токтомдордун долбоорлору Талас финансы башкармалыгы менен кошо талкуулангандан кийин гана сунушталсын.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо (пайдалануу) үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
13.Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан ашык түшкөн кирешелер толугу менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын.
Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын бардык суммасы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.
14. Жергиликтүү бюджетте каралган акча каражаттар жыл ичинде бир бөлүмдөн башка бөлүмгө жылдыруу, трансферттерди бөлүштүрүү шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн. Бюджеттик мекемелердин атайын счетунда каралган киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин сметасында көрсөтүлгөн чыгымдарын жыл ичинде кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруулар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин (кат аркылуу) макулдугу менен өзгөртүү киргизүү финансы башкармалыгы аркылуу (жүргүзүлсүн) аткарууга алынсын.
15. Талас шаарында өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал болгон мезгилде штабтын чечиминин негизинде, Өзгөчө кырдаал бөлүмүнө каралган акча каражатын Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылоого уруксат берилсин.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы №315 токтомунун негизинде, Талас шаарынын билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына бир штаттык бирдиги бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
17. Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы жана “Талас Жашыл чарба” муниципалдык ишканасына жыл ичинде, убактылуу жаз, жай мезгилдеринде иштеген жумушчуларды келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин ар кандай чыгымдар беренесинен каржылоого жана алууга уруксат берилсин.
18. Чет тилдер багытындагы лицейи (Момунбеков С.Ж.) 2022-жылдын I жарым жылдыгына чейин жергиликтүү бюджеттен каржылансын жана II жарым жылы толугу менен республикалык бюджеттен каржылоого өтсүн.
19. Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин сессиясында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетунда тиешелүү түзөтүүлөр менен бекитилсин.
20. Талас финансы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) жыл ичинде шаардын бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, каржылоо жагы милдеттендирилсин.
21. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
22. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
23. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А. Курамаев |