Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги X сессиясынын
2022-жылдын 11-февралы № 73/10-8
2021-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин мыйзамынын 44-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 01.02.20221-жылдагы №01-21/214 сандуу, 2021-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 31125,0 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 31125,0 мин сом акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, бекитилсин.
- Талас шаарынын Ч.Айтматов жана Ч.Сатаев, Бердике Баатыр жана Алымбеков көчөлөрүнүн кесилиштерине светофор орнотуу учун 1600,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын ички көчөлөрүн толук жарыктандыруу үчүн 1500,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын ички көчөлөрүнүн жолдоруна кум-шагыл төгүп тегиздөө үчүн кум шагыл сатып алууга 3000,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын Алымкулов жана Усенбаев көчөлөрүнүн кесилишине балдар аянтчасын куруу үчүн 500,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын асфальт жолдорунун тешиктерин жамоо үчүн 500,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык аркылуу каржылансын. коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы
- Талас шаарынын көчөлөрүнүн кесилиштерине суу түтүктөрүн (асбест труба) сатып алуу үчүн 280,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы билим берүү мекемелеринин жанына жөө адамдар үчүн жол белгиси жана жасалма өткөөл (лежачий полицейский) орнотуу жана жалпы шаар ичине жол белгилерин коюу үчүн 565,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- “Жаратылышты өнүктүрүү фонду" тарабынан 2 даана таштанды чыгаруучу техникаларды (“Хово" автоунааларын) сатып алуу долбоорунун 40 пайыз өздүк салымы үчүн 3200,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарында Аэропорттун жанындагы О.Шамбетов көчөсүндө 6 га жер тилкесине парк куруу үчүн 14000,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- "Ихсан" кооперативинин Таластагы филиалы аркылуу берилген ссудага жол белгисин жасоочу атайын техника сатып алуу долбоорунун 50 пайыздык өздүк салымы үчүн 750,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна бордюр орнотуп, асфальт төшөө жумуштары үчүн 2300,0 миң акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарында 2021-жылга карата мал санактарды жүргүзүү кызматынын кредитордук карыздарын төлөө үчүн 100,0 мин сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна келишимдин негизинде, врачтардын депозити үчүн 50,0 мин сом акча каражаты Депутаттардын Талас шаардык кенеши аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын, ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин коомдук бирикмесине 180,0 мин сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Шаардык билим берүү бөлүмүнө жана чет тилдер лицейине ар кандай чыгымдар беренесине мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү жана коммуналдык чыгымдарды төлөө үчүн 380,0 мин сом Талас район шаардык билим берүү бөлүм аркылуу, 20,0 мин сом чет тилдер багытындагы лицейи аркылуу каржылансын.
- Талас каржы башкармалыгына сатып алуу, унаа жана ар кандай чыгымдар беренесине 100,0 мин сом акча каражаты Талас каржы башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын мектептер жана лицейлер арасында облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыздаган окуучуларды жана мугалимдерди акчалай сыйлоо үчүн 300 ,0 мин сом акча каражаты Депутаттардын Талас шаардык кеңеши аркылуу каржылансын.
- Жергиликтүү демилгелерди колдоо долбоорлорун каржылоо үчүн 1000,0 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы орто мектептерге спорт инвентарларын сатып берүү үчүн 300,0 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык маданият бөлүмүнүн Маалымат кызматына зарыл буюмдарды сатып алуу үчүн 500,0 мин сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
2. Талас финансы башкармалыгына (Ж.М.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А. Курамаев |