Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-январы № 1
Көкашат айылындагы А.Огонбаев атындагы эски орто мектебинин жер аянтын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрь айындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомун жетекчиликке алып, депутатардын Жергетал айылдык Кеңеши
токтом кылат :
1. Жергетал айыл аймагына караштуу Көккашат айылындагы эски Атай Огонбаев орто мектебине тиешелүү 14000 кв.м. жер участогу үчкө бөлүнсүн :
А). 10700 кв.м.;
Б). 2500 кв.м.;
В). 800 кв.м.;
2500 кв.м. жер участогун Жергетал айыл аймагына караштуу Көккашат айылындагы Т.Молдояров атындагы күрөш залына, 800 кв.м. Көккашат айылынын аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнө, 10700 кв.м жер участогу А.Огонбаев атындагы орто мектебине муниципалдык менчигине (мөөнөтү көргөзүлбөгөн) пайдаланууга бекитилип берилсин.
2. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Талас райондук филиалынан жерге берүүчү күбөлүктү берүү жагы суралсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага: | Ж. Молдояров |