Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-февралы № 2
Кызылтуу айылындагы Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектебинин көмөкчү чарбага берилген 1,78 алма бакты кесүү жөнүндө
Депутаттардын Жергетал айылдык Кеңешини күн тартибиндеги Жергетал айыл аймагына караштуу Кызылтуу айылындагы Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектебине тиешелүү көмөкчү чарбасына берилген 1,78 га алма бактын эскилиги жетип, түшүм бере албай калган. Тегерек четиндеги тал-теректерди дагы кесип жаңы алма көчөттөрдү отругузууга мектеп жааматы кайрылган маселени карап жана талкуулап чыгып Жергетал айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Жергетал айыл аймагына караштуу Кызылтуу айылындагы Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектебине көмөкчү чарбасына тиешелүү 1,78 га жер аянтындагы алма бак, тал-теректер кыйылсын.
2. Талас райондук экология башкармалыгынан уруксат берүү иш-кагаздары суралсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага: | Ж. Молдояров |