Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-декабры № 40
Балык чарбасын куруу үчүн жер участогун 49-жылдык мөөнөткө бекитип берүү жөнүндө
Эркинбеков Айман Таласбековичтин арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын нормативдерин бекитүү жөнүндө” 1998-жылдын 14-февралындагы №66 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктун, 7-беренесинин 2 пунктун, 13-беренесинин 1,1 пунктун жетекчиликке алып, Жергетал айыл кенеши
токтом кылат:
1. Эркинбеков Айманга Кызылтуу айылынын түштүк тарабындагы №1952 чөйрөсызыгындагы аянты 0,15га жер участогундагы кесилип кеткен токойдун ордун көрктөндүрүүгө жана № 1958 чөйрө сызыгындагы 0,15 жер участогундагы суу баскан жерлерин балык чарбасын уюштуруу үчүн 49-жылдык мөөнөткө бекитилип берилсин.
2. Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркына ылайык эсептөө жүргүзүлсүн.
3. Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан укук күбөлөндүрүү иш кагаздарын берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага: | Ж. Молдояров |