Загрузка документа…
ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-апрели № 13
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Н.А. Джетыбаев менен 2022-жылдын 13-апрелинде болгон кенешменин протоколунун негизинде, Сокулук райондук жер комиссиясынын жер тилкелерди которуу жөнүндө корутундусуна ылайык, КР Жер Кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Орок айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Орок айыл аймагында №70, №71, №76 контурларында жайгашкан, сугат айдоо, “Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин”, жалпы аянты 20,78 га барабар, “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформация кылууга), дене-тарбия ден-соолукту чындоо комплексин курууга макулдук берилсин.
2. Орок айыл өкмөтү жалпы аянты 20,78 га барабар, сугат айдоо жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга, дене-тарбия ден-соолукту чындоо комплексин курууга макулдук беруу жөнүндө чечим чыгарсын.
3. Орок айыл окмотунун жооптуу катчысы токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде каттоого тапшырсын.
4. Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы | У.А. Бекболотов |