Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-декабры № 41
СТО-Магазин куруу үчүн жер участогун 49-жылдык мөөнөткө бекитип берүү жөнүндө
Эркинбеков Алмаз Таласбековичтин арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын нормативдерин бекитүү жөнүндө” 1998-жылдын 14-февралындагы №66 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктун, 7-беренесинин 2 пунктун, 13-беренесинин 1,1 пунктун жетекчиликке алып, Жергетал айыл кенеши
токтом кылат:
1.Эркинбеков Азмазга Кызылтуу айылынын түндүк тарабындагы трассанын жэгиндеги №92 чөйрөсызыгындагы аянты 0,02 га жер участогун СТО-магазин куруу үчүн 49-жылдык мөөнөткө бекитилип берилсин.
2. Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркына ылайык эсептөө жүргүзүлсүн.
3. Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан укук күбөлөндүрүү иш кагаздарын берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага: | М. Кунасов |