Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-октябры № 12
Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө
Талас районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 29-сентябрындагы №01-26/26 сандуу корутундусун жана чийилген схемалык планы боюнча коммерциялык курулуш курууга уруксат экендигин эске алып, Жергетал айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергетал айыл аймагындагы Көк Кашат айылындагы Н.Шаршеналиев көчөсүнүн №50 дареги боюнча жайгашкан идентификациялык № 6-04-02-1001-0737 жеке менчик 3000,0 м.кв жер аянтынын максаттык багыты өзгөртүлүп, архитектуралык курулуш нормаларды сактоо менен коммерциялык багытта курулуш курууга уруксат берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн
Төрага | Ж. Молдояров |