Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-октябры № 13
Жергетал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген ыктярдуу патент жана кыймылсыз мүлк салыгын кайра карап чыгуу жөнүндө
Жергетал айыл аймагынын 2021-жылга бекитилген бюджетинде кыймылсыз мүлк салыгы аткарылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты угуп, Жергетал айылдык кенеши токтом кылат:
1. Жергетал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетиндеги кыймылсыз мүлк салыгына белгиленген 91052 сом план тапшырмасы ФАО “Чакыр Япи Санайи Те вижарет” жоопкерчилиги чектелген фирма жолду жасоо иштерин бүтүп, токтоткондугуна байланыштуу 2018-2021-жылдарга карата бекитилген кыймылсыз мүлк салыгы план тапшырмадан алынып салынсын.
2. Талас облустук финансы башкармалыгынан 2018-2021-жылдарга карата бекитилген кыймылсыз мүлк салыгын план тапшырмадан алып салуу жагы суралсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмолгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Молдояров |