Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-ноябры № 15
Жергетал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин бала бакчанын атайын каражаттар счетундагы акча каражаты жөнүндө
Жергетал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетиндеги акча каражатын статьядан статьяга жылдыруу жөнүндөгү кайрылууну карап жана талкуулап, Жергетал айылдык Кеңеши токтом кылат :
1. Жергетал айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы балдар бакчасындагы атайын каражаттар счетундагы 322,3 миң сом акча каражаты керектүү материалдарга каралып берилсин.
2. Жергетал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетиндеги өрт коопсуздугу үчүн 20,0 сом жана урна орнотуу үчүн каралган 10,0 сом акча каражаты Көк Кашат айылынын тургуну Береналиев Соорбек Бөрүкуловичке жардам катары каралып берилсин.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Молдояров |