Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 30-июнундагы N 62 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары1997-жылдын 14-марты № 14 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 15 Мыйзамынын, 2004-жылдын 8-октябрындагы № 180 Мыйзамынын, 2005-жылдын 6-январындагы № 4 Мыйзамынын, 2006-жылдын 8-августундагы № 164 Мыйзамынын, 2007-жылдын 4-июнундагы № 77 Мыйзамынын, 2008-жылдын 18-июлундагы № 145 Мыйзамынын, 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 278Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 2004-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 1-статья. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдар өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыр-гыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүүүчүн түзүлгөн комиссиялар тутумун жетектеген туруктуу иштеген көзкаран-дысыз борбордук мамлекеттик бийлик органы болуп саналат. 2. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодексти, ушулМыйзамды жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук акты-ларын жетекчиликке алат. 3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, саясий партиялар, коомдук би-рикмелер, алардын кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнүныйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы анын ишине көмөк көрсөтүүгө, ке-ректүү маалыматтарды жана материалдарды берүүгө милдеттүү. 4. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын борбору Биш-кек шаарынан орун алган өзүнчө администрациялык имаратта жайгашары бел-гиленсин. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 2-статья. Борбордук шайлоо комиссиясын түзүүнүн тартиби жана анын статусу 1. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияга жана ушул Мыйзамгаылайык чечүүчү добуш берүү укугу бар Борбордук шайлоо комиссиясынын Тө-рагасынан жана 12 мүчөсүнөн турган курамда беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. 2. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин макул-дугу менен Президент тарабынан дайындалат жана мамлекеттик кызмат адамыболуп саналат. 3. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын кызматына талапкердидайындоого макулдук берүү жөнүндөгү сунуш Президент тарабынан ЖогоркуКењешке ал Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын милдетин аткаруу-чу болуп дайындалган күндөн тартып 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестенкиргизилет. 4. Президент бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаганөкүлчүлүгүн эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүнкурамынын жарымын дайындайт жана аларды кызмат орундарынан бошотот.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамынын жарымын ЖогоркуКењеш бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эс-ке алуу менен Жогорку Кењештин Регламентинде каралган тартипте шайлайтжана аларды кызмат орундарынан бошотот. 5. Борбордук шайлоо комиссиясына чечүүчү, ошондой эле кењеш берүү-чү добуш берүү укугуна соттолгондугу алына же жоюла элек адам мыйзамдабелгиленген тартипте мүчө боло албайт. 6. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарыннегизги ишин үзгүлтүккө учуратпастан коомдук башталышта жүзөгө ашыры-шат. 7. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары Борбордук шай-лоо комиссиясынын жањы курамынын укуктуу биринчи жыйналышы болгонкүндөн тартып токтотулат. 8. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөө-нөтү шайлоо кампаниясынын, референдум кампаниясынын учурунда Президент-ти жана Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча аяктаса, анын ыйга-рым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо кампаниясы, рефередум кампаниясыаяктаганга чейин узартылат. 9. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде мам-лекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарынан көз карандысыз. 10. Борбордук шайлоо комиссиясынын иши Жогорку Кењештин таркатылы-шына байланыштуу же Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурдатоктотулушуна байланыштуу токтотула турушу мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-октябрындагы N 180 Мыйзамы-нын, 2006-жылдын 8-августундагы N 164 Мыйзамынын, 2007-жылдын 4-июнун-дагы № 77 Мыйзамынын, 2008-жылдын 18-июлундагы N 145 Мыйзамынын,2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 3-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнүн статусу 1. Ушул статьянын 3-пункутунда саналып өткөн адамдардантышкары, шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагындатуруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын 25 жашка чыккан жараны Борбор-дук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсү боло алат. 2. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнөПрезидент белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет. 3. Жогорку Кењештин депутаттары, жергиликтүү кењештердин депутат-тары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, аскер кызматчылар, укуккоргоо жана фискалдык органдарынын кызматкерлери, башка шайлоо комисси-ялардын мүчөлөрү, шайлануучу кызмат ордунда болгон талапкерлерге тике-ден-тике баш ийүүчү адамдар Борбордук шайлоо комиссиясына чечүүчү добушукугу менен мүчө боло алышпайт. 4. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Президенттин кызматордуна, Жогорку Кењештин депутаттыгына, жергиликтүү кењештердин депу-таттыгына талапкер же алардын өкүлдөрү болуп катталганда, ошондой элежогоруда көрсөтүлгөн кызмат орундарына жакын туугандары талапкер болупкатталган учурларда, аларды дайындаган (шайлаган) органдын чечими жокэле комиссиянын мүчөлүк милдетинен бошотулган деп эсептелишет. 5. Эгерде ушул статьянын 3-пункутундагы аталган адамдар Борбор-дук шайлоо комиссиясынын курамына дайындалса же шайланса, аларөздөрүнүн ыйгарым укуктарын он күндүк мөөнөттө токтотууга милдеттүү. 6. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы жана чечүүчү добушкаукуктуу мүчөсү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде саясий партия-лардагы өз иштерин токтото турууга милдеттүү. 7. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы жана чечүүчү добушкаукуктуу мүчөсү төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякта-ганга чейин тиешелүү түрдө Президент же Жогорку Кењеш тарабынан милдет-теринен бошотулат: - өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берсе; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жо-готкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда; - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаганга жөнөпкетсе; - соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе; - соттун күчүнө кирген мыйзамдуу чечими менен аракетке жөндөмсүз,аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жоголгон же каза болгон дептаанылганда; - өлгөндө; - милдеттерин дайыма аткарбаганда - Борбордук шайлоо комиссиясынынсунуштамасы боюнча; - ушул статьянын 3-пункутундагы каралган дагы башка негиздерде. 8. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын жана чечүүчү добушкаукуктуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда,ваканттык орундарды ээлөө аны түзүү тартибинде жүзөгө ашырылат. 9. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүөзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде, анын макулдугу болмоюнчабашка ишке которулушу же администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси ме-нен иштен бошотулушу мүмкүн эмес. 10. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнмедициналык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө Өкмөт мүчөлөрүн тейлөөдењгээлинде белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,2008-жылдын 29-декабрындагы № 278Мыйзамынын редакциясына ылайык) 4-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсүнүн статусу 1. Президенттин кызмат орунуна талапкер, референдумду өткөрүү бо-юнча, Жогорку Кењештин депутаттарына талапкерлердин тизмесин каттагансаясий партия демилгелүү топ катталгандан кийин Борбордук шайлоо комис-сиясына анын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсүн дайындоого укуктуу,ал үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынынкењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөлүгүнө талапкердин фамилиясы, аты,атасынын аты, туулган жылы, иштеген жери, ишинин түрү жана туруктуу жа-шаган жеринин толук дареги көрсөтүлгөн документтерди берет. 2. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуумүчөсүнүн ыйгарым укуктары аны Борбордук шайлоо комиссиясынын кењешберүүчү добушка укуктуу мүчөсү катары катталган учурдан тартып башта-лат. 3. 21 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ жана Кыргыз Республикасынынаймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Борбордук шай-лоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсү боло алат. 4. Шайлануучу кызмат адамдары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, аскер кыз-матчылары жана укук коргоо жана фискалдык органдарынын кызматкерлериБорбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсү бо-луп дайындала алышпайт. 5. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуумүчөсү бир эле учурда дагы башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло ал-байт. 6. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуумүчөсүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы белгиленген үлгүдөгүкүбөлүк берет. 7. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуумүчөсү шайлоонун, референдумдардын натыйжалары жөнүндө протокол түзүүукугунан, Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына берилгенчечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышуу укугунан жана Борбордукшайлоо комиссиясынын чечимдерге жана протоколдорго коюлган колдор уку-гунан тышкары, шайлоо жана референдум даярдоо жана өткөрүү маселеси бо-юнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнүнбардык толук укуктарына ээ. 8. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењешчи добуш берүү укугу бармүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттердин чечими бо-юнча токтотулушу жана башка аларга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењешчи добуш берүү укугу бар мүчө-лөрүнүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттерди каттоо жоккочыгарылган учурда да токтотулушу мүмкүн. 9. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуумүчөсүнүн ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжасы расмий жарыяланганданжана тиешелүү түрдө референдумдун натыйжасы расмий жарыялангандан кийинтоктотулат. 10. Президенттин кызмат орунуна катталган талапкер, референдумдунөткөрүү боюнча, Жогорку Кењештин депутаттарына талапкерлердин тизмесинкаттаган саясий партия демилгелүү топ добуш берүүнүн жыйынтыгына, шай-лоо, референдум натыйжаларына даттанган учурда Борбордук шайлоо комис-сиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу тиешелүү мүчөсүнүн ыйгарым укук-тары Кыргыз Республикасынын соту тарабынан даттануунун маани-мазмунубоюнча биротоло чечим кабыл алынгандан кийин токтотулат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 5-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары 1. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде: 1) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынынжарандарынын шайлоо укуктарынын жана референдумга катышуу укуктарынынсакталышына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун, Кыр-гыз Республикасынын референдум жөнүндө" конституциялык мыйзамдарынын","Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө кодексинин аткарылышына контрол-дукту жүзөгө ашырат жана алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат; 2) Президенттин, Жогорку Кењештин жана жергиликтүү кењештерининдепутаттарын шайлоону, референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү уюшту-рат; 3) өз ыйгарым укуктарынын чегинде токтомдорду, нускоолорду, жобо-лорду, дагы башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышына контрол-дук кылат; 4) төмөн турган шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынынишине жетекчилик кылат, аларга укуктук, уюштуруу-усулдук жагынан жардамкөрсөтөт, Конституция, мыйзамдар, Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл ал-ган токтомдор, нускоолор, жоболор жана башка актылар бузулган учурда,төмөн турган шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын чечим-дерин жокко чыгарат; 5) (2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамына ылайык алып салынды) 6) областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзөт жанаалардын курамын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт; 7) (2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамына ылайык алып салынды) 8) шайлоо, референдум өткөрүүгө, өздөрү пайдаланган имарат жай,транспорт, байланыш үчүн акыны кошкондо республикалык бюджеттенбөлүнгөн акча каражаттарын шайлоо комиссияларына бөлүштүрөт, шайлоолор-ду жана референдумдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунунбашка маселелерин карайт; 9) атайын фонд түзөт жана шайлоо, референдум өткөрүү, шайлоо туту-мун өнүктүрүү, шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин кам-сыз кылуу үчүн түшкөн каражаттарды пайдаланат; 10) шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө бө-лүнгөн бюджеттик каражаттардын жана талапкерлердин, саясий партиялардыншайлоо фонддорунун, атайын фонддордун каражаттарынын келип түшүшүн жаначыгымдалышын эсепке алуунун тартибин аныктайт, бул каражаттардын келиптүшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө шайлоо комиссияларынын, референдум ко-миссияларынын, талапкерлердин финансылык отчетунун формасын бекитет; 11) Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча шай-лоо бюллетендеринин, референдумда добуш берүү үчүн бюллетендин форма-сын, анын ичинде коргонуу даражасын, даярдоо тартибин жана текстин,ошондой эле жергиликтүү кењештердин депутаттары шайлоо боюнча шайлообюллетендеринин формасы менен даярдоо тартибин белгилейт жана бекитет; 12) тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн, шайлоочулардын жана референдум-дун катышуучуларынын тизмелери, талапкерлерди көрсөтүү боюнча чогулуш-тардын, шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын жыйналышта-рынын протоколунун, талапкерди жактаган кол коюу баракчаларынын жанабашка шайлоо документтеринин жана референдум документтеринин формасын,аларды сактоонун жана аларды архивге өткөрүү мөөнөтүн жана тартибинбелгилейт; 13) Президенттин, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча шай-лоо бюлеттендерин, референдумда добуш берүү үчүн бюллетендерди жанабашка шайлоо документтерин даярдоону камсыз кылат; 14) шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын иши үчүнзарыл болгон технологиялык жабдуулардын ченемдерин иштеп чыгат жана бе-китет, алардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат; 15) шайлоо комиссиялардын, референдум комиссиялардын, министрлик-тер менен ведомстволордун, мамлекеттик башка бийлик органдардын жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоону, референдумду да-ярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча билдирүүлөрүнугат; 16) байкоочулардын, эларалык байкоочулардын, чет өлкөлүк жана жер-гиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн шайлоого, рефе-рендумдарга катышуу тартибин белгилейт, аларды тиешелүү документтер ме-нен камсыз кылат; 17) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн талапкерлерге, саясийпартияларга телерадио уюмдарынын каналдарынан эфирдик убакыт, мезгилдүүбасма сөз басылмаларынан басма сөз аянтын берүү тартиби жөнүндө нуска-маларды же башка ченемдик актыларды чыгарат; 18) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдары, областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары ме-нен бирдикте шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын каттоонун(эсепке алуунун) мамлекеттик тутумун уюштурат; 19) тийиштүү министрликтер жана ведомстволор берген маалыматтардыннегизинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн шайлоочулардыбирдиктүү шайлоо округуна киргизип каттоо тартибин аныктайт; 20) Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди, Жогорку Кењештин де-путаттыгына саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелерин, та-лапкерлердин, саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын, ыйгарым укук бе-рилген өкүлдөрүн каттайт, аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү бе-рет; 21) референдумдун демилгелүү топторун каттайт, аларга каттоо күбө-лүктөрүн берет; 22) шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын шайлоо кампаниясы-нын, референдум кампаниясынын жүрүшү тууралу маалымат менен камсыз кы-лат; 23) областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын протокол-дорунун негизинде Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоонун,референдумдун натыйжасын аныктайт, аларды жалпыга маалымдоо каражатта-рына жарыялайт, Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоонуннатыйжасын корутунду берүү үчүн Конституциялык сотко жиберет; 24) округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде бү-түндөй республика боюнча жергиликтүү кењештеринин депутаттарын шайлоо-нун натыйжасын белгилейт; 25)шайланган Президенттин жана Жогорку Кењеиштин шайланган депу-таттарын каттайт; 26) шайлоонун,добуш беруунун жыйынтыктарын же натыйжаларын мыйзам-дарда белгиленген тартипте жараксыз деп таанышы мүмкүн; 27) тиешелүү шайлоо комиссиясына кайталап добуш берүү же кайталапшайлоолорду өткөрүүнү тапшырат, ушуну менен бирге мыйзамда белгиленгенучурларда жана тартипте шайлоону тийиштүү жана жањы курамдагы участка-лык шайлоо комиссиялары менен өткөрүүнүн зарылдыгын чечиминде көрсөтөалат; 28) Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөнмурда токтотуу тууралу чечим кабыл алат; 29) шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын чечимдеринежана аракеттерине арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча че-чимдерди чыгарат; 30) Кыргыз Республикасында шайлоону, референдумдарды даярдоо жанаөткөрүү, шайлоо тутумун өнүктүрүү, шайлоочуларды жана шайлоо процесси-нин катышуучуларын укуктук жактан окутуу, шайлоо комиссияларынын, рефе-рендум комиссияларынын мүчөлөрүн кесиптик жактан даярдоо менен байла-нышкан максаттуу программаларды ишке ашырууну камсыз кылат; 31) мыйзамдардын, ушул Мыйзамдын бул укукбузууларга тыюу салуу боюнча мыйзамда белгиленген чараларды көрүүгөмилдеттүү болгон укук коргоо органдарына шайлоолорго, референдумдаргадаярдыкты жана өткөрүүнү жөнгө салуу жагынан тиешелүү текшерүүлөрдүжүргүзүү жана укук бузууларга тыюу салуу тууралу сунуштама менен кайры-лууга укуктуу, алар бул эреже бузууларга тыюу салуу боюнча мыйзамдабелгиленген чараларды көрүүгө милдеттүү. 2. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияда, "Кыргыз Республика-сынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйза-мында, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодексте, Кыргыз Респуб-ликасынын дагы башка мыйзамдары менен ченемдик укуктук актыларында ка-ралган башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,2008-жылдын 29-декабрындагы № 278редакциясына ылайык) 6-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу 1. Борбордук шайлоо комиссиясынын иши анын ыйгарым укуктарына кир-ген маселелерди эркин талкуулоонун жана чечүүнүн негизинде коллегиал-дуу, айкындуулукта жана ачык жүзөгө ашырылат. 2. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруунун ички маселелериБорбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында бекитилүүчү анын Регламентименен аныкталат. 3. Эгерде анын курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүнбелгиленген санынын кеминде үчтөн экисинен түзүлгөн болсо, Борбордукшайлоо комиссиясы ишке киришүүгө укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы-нын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйналышы болгон күндөнтартып башталат. 4. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары анын Төрагасы тара-бынан, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укук-туу мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн биринин талабы боюнча чакырылат. 5. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына Борбордукшайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу кура-мынын копчулугу катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу болуп сана-лат. 6. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары, эреже катары, алтуруктуу жайгашкан жерде өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы КыргызРеспубликасынын аймагында көчмө жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим кабылалууга укуктуу. 7. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына мамлекеттик бийликоргандарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий пар-тиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын, жарандардын чогулуштарынынөкүлдөрү, талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, референдум өткөрүү бо-юнча демилгелүү топтун мүчөлөрү, байкоочулар, эларалык байкоочулар,жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка кызыкдар адамдар каты-шууга укуктуу. 8. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында протокол жазылат. 9. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду, референдумдарды даяр-доо жана өткөрүү менен байланышкан иштерди аткарууга эмгек макулдашуу-лары боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди (адистерди) тарта алат. Ат-карылган иш үчүн акы шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жанаөткөрүү үчүн каралган Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдарынын сме-тасынын чегинде жүзөгө ашырылат. 10. Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнүн басма органы - Шайлоожана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бюллетенине ээболот. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,2008-жылдын 29-декабрындагы № 278Мыйзамынын редакциясына ылайык) 7-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерди кабыл алышынын тартиби 1. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери борбордук шайлоо ко-миссиясынын курамы тарабынан ушул статья менен аныкталуучу тартипте ка-был алынат. 2. Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоону, Кыргыз Республикасынынреферендумун даярдоону жана өткөрүүнү каржылык жактан камсыз кылуу ма-селелери боюнча, Президенттин кызматына талапкерлерди, депутаттыкка та-лапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө, Президенттин кызматына талапкер-лерди, депутаттыкка талапкерлердин каттоодон баш тартуу жөнүндө, шай-лоонун, референдумдун натыйжалары жөнүндө, шайлоону же референдумду өт-пөгөн же жараксыз деп табуу, кайталап добуш берүүнү же кайра шайлоонуөткөрүү жөнүндө, төлөп турган шайлоо комиссиясынын, референдум комисси-ясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө, төлөп турган шайлоо комиссиясы-нын, референдум комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө, төмөн тур-ган шайлоо комиссияларын референдум комиссияларын таратуу жөнүндө че-чимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Борбордук шайлоокомиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген салымын үчтөн эки добушу мененкабыл алынат. 3. Борбордук шайлоо комиссиясынын башка маселелер боюнча чечимдериБорбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүкдобушу менен кабыл алынат. Төрагалык кылуучу жарыя кылган бардык масе-лелер боюнча добуш берүүнүн натыйжасы Комиссиянын жыйналышынын протоко-луна жазылат. 4. Борбордук шайлоо комиссиясынын каалаган мүчөсүнүн талабы боюнчаБорбордук шайлоо комиссиясы анын компетенциясына кирген бардык маселе-лер боюнча добуш берүү өткөрүүгө милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссия-сынын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн эч кими добуш берүүдө калыс болу-шу мүмкүн эмес. 5. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколунаБорбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы же аны алмаштырган адам кол ко-ет. 6. Президентти шайлоонун натыйжасы Жогорку Кењешке шайлоонун на-тыйжасы жөнүндө, референдумдун натыйжасы тууралу Борбордук шайлоо ко-миссиясынын протоколуна тиешелүү жыйналышка катышкан чечүүчү добушкаукуктуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коюшат. 7. Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим менен макул бол-богон чечүүчү добушка укуктуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүөзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал Борбордук шайлоокомиссиясы тарабынан каралууга, анын протоколунда чагылдырылууга жанаага тиркелүүгө тийиш. 8. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими кабыл алынган күндөн тар-тып күчүнө кирет. 9. Борбордук шайлоо комиссиясынын өз ыйгарым укуктарынын чегиндекабыл алган чечимдери аткаруу бийлик органдары, мамлекеттик мекемелер,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, талапкерлер, саясий партия-лар, коммерциялык эмес уюмдары, ишканалары кызмат адамдары, референдумөткөрүү боюнча демилгелүү топтун мүчөлөрү, шайлоочулар жана референдум-дун катышуучулары, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссиялары, рефе-рендум комиссиялары үчүн милдеттүү. 10. Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга ка-рама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан ашыруу менен кабылалынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясы болбосо сот тарабынанжокко чыгарылышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-октябрындагы № 180 Мыйзамы-нын редакциясына ылайык) 8-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары 1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү: 1) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын күн тартиби боюнчасунуштарды, талкууланып жаткан маселелердин маани-мазмуну боюнчасын-пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизет, маалымдама берет, жарышсөздөргө катышат жана каралып жаткан бардык маселелер боюнча добушберүү укугунан пайдаланат; 2) Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү, референдумдар-ды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан арыздары, даттануулары жанасунуштары менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан мамлекеттикоргандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясийпартиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын, шайлоочулардын чогулуш-тарынын өкүлдөрүн, жарандарды кабыл алууну алып барат; 3) Борбордук шайлоо комиссиясынын тапшыруусу боюнча төмөн турганшайлоо комиссияларынын жана референдум комиссияларынын ишине контролдуккылат, жарандардын шайлоо укуктарын жана референдумга катышуу укуктарынбузган төмөн турган шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынынчечимдерине жана иш - аракеттерине арызданууларды (даттанууларды) ка-райт, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө Борбордук шайлоокомиссиясына билдирет; 4) шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу маселелери жана Бор-бордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген башка маселелербоюнча токтомдорду, нускоолорду жана башка актыларды даярдоого, шайлоопрактикасын иликтөө, мыйзамдарды өркүндөтүү, шайлоочулардын укуктук ма-даниятын жогорулатуу жана шайлоо комиссияларынын, референдум комиссия-ларынын мүчөлөрүн жана шайлоо менен референдумдардын башка уюштуруучу-ларын кесиптик жактан даярдоо ишине катышат; 5) Борбордук шайлоо комиссиясынын жана төмөнкү шайлоо комиссияла-рынын түздөн-түз шайлоолорго, референдумга байланыштуу документтери жа-на материалдары менен таанышууга, ал документтер менен материалдардынкөчүрмөлөрүн (шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелери-нен, шайлоо бюллетендеринен, референдумга добуш берүү бюллетендеринен,тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнөн, кол коюу барактарынан жана мыйзамда бел-гиленген тартипте жашыруун катары эсептелүүчү, ошондой маалыматтардыкамтыган бөлөк документтерден жана материалдардан тышкары) алууга укук-туу; 6) Жогорку Кењештин ачык жыйналыштарына катышууга укуктуу; 7) ушул Мыйзамда, башка мыйзам актыларында каралган башка ыйгарымукуктарды жүзөгө ашырат. 2. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү: 1) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары жөнүндө күн мурун-тан кабардар болот; 2) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын башка катышуучула-рына күн тартибине тиешелүү суроолорду берүүгө жана маани-мазмуну боюн-ча аларга жооп алууга укуктуу; 3) Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүүчү кандай кењешмелерге бол-босун катышууга жана сөз сүйлөөгө укуктуу. 3. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүтөмөндөгүлөргө милдеттүү: 1) Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык жыйналыштарына катышууга; 2) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына жүйөлүү себептер ме-нен катыша албай тургандыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынынТөрагасына күн мурунтан билдирүүгө; 3) Борбордук шайлоо комиссиясынын тапшырмаларын аткарууга. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 9-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын ыйгарым укуктары 1. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы: 1) Президент, Жогорку Кењеш, Өкмөт, мамлекеттик башка органдар жа-на мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партия-лар жана коммерциялык эмес уюмдар, шайлоо комиссиялары жана референдумкомиссиялары, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо ка-ражаттары, шайлоо процессинин катышуучулары, референдумдун катышуучула-ры менен өз ара мамилелерде Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү болот; 2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштурат; 3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын чакырат, аларгаматериалдарды даярдоону уюштурат, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйна-лыштарында төрагалык кылат; 4) анын ыйгарым укуктарына таандык маселелер боюнча буйруктардыжана тескемелерди чыгарат; 5) Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна жана башка доку-менттерине кол коет; 6) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ишке ашырылышынаконтролдук кылат; 7) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдет-терди бөлүштүрөт, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин аткаруу бо-юнча жана анын ыйгарым укуктарына таандык жана башка маселелер боюнчаишти уюштуруу үчүн аларга тапшырмаларды берет; 8) шайлоону, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө, комиссия-ларды каржылоого бөлүнгөн каражаттарды тескөөчү болуп саналат; 9) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жалпы жетекчиликтижүзөгө ашырат; 10) Борбордук шайлоо комиссиясынын, областтык, Бишкек, Ош шаардыкшайлоо комиссияларынын штаттык санын, түзүмүн жана чыгымдар сметасынбөлүнүп берилген бюджеттик каражаттардын чегинде бекитет жана ал жөнүн-дө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө маалымдайт; 11) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин ишкеалууну жана бошотууну жүзөгө ашырат; 12) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин каржы жана материал-дык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечет; 13) Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн бардыксунуштар, арыздар жана даттануулар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы-нын мүчөлөрүнө маалымдайт жана аларды карап чыгуу боюнча ишти уюштурат; 14) шайлоочуларга, референдумдардын катышуучуларына Борбордук шай-лоо комиссиясынын иши жөнүндө маалымдайт; 15) шайлоону, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Бор-бордук шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылуу үчүн келишимдик негиздеадистерди тартат; 16) мыйзамдарда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашы-рат. 2. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Президент кызматына ки-ришкенде ага Президент болуп шайлангандыгы тууралу күбөлүктү, айырмалообелгилерин - Президенттин төшбелгисин жана Президенттин фамилиясы, атыжана атасынын аты жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн даталары оюп тү-шүрүлгөн Штандартын (желегин) тапшырат. 3. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин депу-таттарын шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя-лангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Жогорку Ке-њештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төшбелгинитапшырат. 4. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин ачыкжыйналыштарына катышууга укуктуу. 5. Төрага жок болуп калган учурда анын ыйгарым укуктарын Борбордукшайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири аткарат. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-октябрындагы № 180 Мыйзамы-нын, 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,2008-жылдын 29-декабрындагы № 278Мыйзамынын редакциясына ылайык) редакциясына ылайык) 10-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин негизги кепилдиктери 1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоону, референдумдардыөткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча жана Борбордук шайлоо комис-сиясынын ыйгарым укуктарына тиешелүү жана башка маселелер боюнча мамле-кеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына,алардын кызмат адамдарына, мекемелерге жана уюмдарга, саясий партиялар-га жана коммерциялык эмес уюмдарга, аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрү-нүн командирлерине кайрылууга, алдыга коюлган маселелерди карап чыгуугакатышууга укуктуу. Кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчө-сүнүн кайрылуусуна кечиктирбестен, ал эми тиешелүү маселени кошумчаиликтөө же текшерүү зарыл болгон учурда үч күндүк мөөнөттө жооп берүүгөмилдеттүү. 2. Борбордук шайлоо комиссиясыныы Төрагасы жана мүчөлөрү тигил жебул маселе боюнча өзүнүн пикири, сунушу үчүн куугунтукталбайт. Борбор-дук шайлоо комиссиясынын Төрагасына, мүчөлөрүнө жана аппаратынын кыз-маткерлерине алардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышына тос-коолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алдыруу макса-тында таасир этүү, зордук көрсөтүп, маскаралоо, ошого тете ушактоо,алардын кызматтык милдеттерин аткарышы жөнүндө бурмаланган маалыматтыжайылтуу мыйзамдарда каралган жопкерчиликке кириптер кылат. 3. Борбордук шайлоо комиссиясы Президент, Жогорку Кењеш, Өкмөтдагы башка мамлекеттик органдар тарабынан расмий таратылуучу маалымат-тык жана маалымдама материалдарды тоскоолдуксуз алуу укугунан пайдала-нат. 4. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасына жана мүчөсүнө алардыныйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы менен байланышкан бардык чыгымдарынынордун толтуруу кепилдиги берилет, ошондой эле Борбордук шайлоо комисси-ясынын каражаттарынын эсебинен сыйакы төлөнөт. 5. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө комиссияда иштеши үчүншарттар түзүлөт, комиссияда иштеген мезгилинде зарыл болгон бөлмөлөр,транспорт жана байланыш каражаттары берилет. 6. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы жана чечүүчү добушкаукуктуу мүчөлөрү шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мез-гилинде Президенттин, Жогорку Кењештин (түзүү тартибинде) макулдугуболмоюнча, кылмыш үстүнөн кармалган жана шайлоо жөнүндө Кодекстин та-лаптарын бузган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылууга,кармалууга же камакка алынууга тийиш эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы-нын Төрагасына жана чечүүчү добушка укуктуу мүчөлөрүнө карата жазык ишиБашкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-январындагы № 4 Мыйзамынын,2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 11-статья. Борбордук шайлоо комиссиясын каржы жагынан камсыз кылуу 1. Борбордук шайлоо комиссиясын каржылоо кезектеги каржылык жылгареспубликалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат. Шайлоолорду жана рефе-рендумдарды өткөрүүгө республикалык бюджеттен каралган каражаттар шай-лоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен Фи-нансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы тарабынан Борбордук шайлоокомиссиясынын эсебине которулат. 2. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө рес-публикалык бюджеттин жана атайын фонддордун каражаттарын чыгымдоо жө-нүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын финансы отчету шайлоолордун, рефе-рендумдарынын натыйжалары жарыяланган күндөн тартып 3 айдан кечиктирил-бестен Президентке, Жогорку Кењешке берилет. Аталган финансы отчет Бор-бордук шайлоо комиссиясы тарабынан анын бюллетенине жарыяланууга жанаотчет Президентке, Жогорку Кењешке берилген күндөн тартып бир айдан ке-чиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына берилүүгө тийиш. 3. Шайлоо тутумун өнүктүрүү, анын ичинде жањы шайлоо технологияла-рын, автоматташтыруу каражаттарын киргизүү, шайлоочуларды, референдум-дун катышуучуларын жана шайлоо менен референдумдарды уюштуруучулардыукуктук жактан окутуу менен байланышкан мамлекеттик программалардыниш-чараларын финансы жагынан камсыз кылуу республикалык бюджеттен, Бор-бордук шайлоо комиссиясынын атайын фондунан бөлүнгөн каражаттардын жанамыйзамдарда тыюу салынбаган жана башка каржылоо булактарынын эсебиненжүргүзүлөт. 4. Программалардын иш-чаралары (багыттары) боюнча бөлүнгөн бюджет-тик каражаттарды бөлүштүрүү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими мененбекитилет. 5. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы акча каражаттарын тес-кейт жана финансы документтеринин Борбордук шайлоо комиссиясынын финан-сы маселелери боюнча чечимдерине дал келиши жана финансы отчетторунунКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөберилиши үчүн жооп берет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 12-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты 1. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты Борбордук шайлоо комис-сиясынын ишин уюштуруу-усулдук, документациялык, маалыматтык-талдоо,материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат. Борбордукшайлоо комиссиясынын аппаратынын жетекчилигин Борбордук шайлоо комисси-ясынын Төрагасынын сунуштамасы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тара-бынан бекитилүүчү аппарат жетекчиси жүзөгө ашырат. 2. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери мамле-кеттик кызматчыларга кирет. 3. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерининукуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле мамлекеттик кыз-матты өтөшүнүн шарттары мыйзамдар жана Борбордук шайлоо комиссиясынынТөрагасы бекиткен кызматтык нускоолор менен аныкталат. 13-статья. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды Борбордук шайлоо комиссиясында карап чыгуу 1. Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн сунуштарды, шайлоолор-ду, референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү жөнгө салуу жагынан мый-замдар бузуулар жөнүндөгү арыздарды жана даттанууларды өз ыйгарым укук-тарынын чектеринде карап чыгууга, алар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгөжана арыз ээлерине мыйзамда белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдет-түү. 2. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды караганда Борбордукшайлоо комиссиясынын жыйналыштарына кызыкдар тараптардын өкүлдөрү каты-шууга укуктуу. 3. Жыйналышта кабыл алынган чечим жөнүндө Борбордук шайлоо комис-сиясы мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арыз ээсине жана кы-зыкдар тараптардын өкүлдөрүнө маалымдайт, алардын өтүнүчү боюнча аларгачечимдин ырасталган көчүрмөсүн берет. 14-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган адамдар мыйзамдарга ылайык жооп-керчилик тартышат. 2-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин дайындалган же шайланган Бор-бордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы менен мүчөлөрү өз ыйгарым укукта-рын Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякта-ганга чейин сакташат. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев