Бишкек шаары2009-жылдын 24-сентябры № 1389-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бголугун каржылоо учун каражаттарды инвестициялоо жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн(2009-жылдын 12-июнундагы № 373 токтом) "Кыргыз Республикасында мамле-кеттик социалдык камсыздандруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржы-лоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Миграция, эмгек, соци-алдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитети (Б.У.Мамасейитова)жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлеринжана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окуудакароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы А.Тагаев