Бишкек шаары2009-жылдын 2-октябры № 1418-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Кыргызстандын элинин генофондун жана демографиялык онугуусун сактап калуунун улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Окмотуно тапшырма жонундо Бүткүл дүйнөлүк глобалдашуунун, социалдык стресстердин, салтка ай-ланган маданий баалуулуктардан айрылуунун, адеп-ахлактык багыттарды жа-на коомдук идеалдарды жоготуунун, республиканын калкынын тышкы эмгекмиграциясынын көбөйүшүнүн, ата-энелердин репродуктивдик тутумуна жанабалдардын ден соолугуна таасир тийгизүүнүн шарттарында, улуттун гено-фондун жана өлкөнүн демографиялык өнүгүшүн сактап калуу максатында Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - Кыргызстандын элинин генофондун жана демографиялык өнүгүүсүнсактап калуунун улуттук программасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин бекитүүсүнө киргизсин; - балдары бар үй-бүлөлөрдү жана калктын саламаттыгын сактоого мам-лекеттик колдоо көрсөтүүгө акчалай каражаттарды жетиштүү көлөмдө бөлүпберүүнү жана алардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын; - калктын көчүп кетүүсүнө чалдыккан жана улуттук кызыкчылыктардыкоргоо үчүн артыкчылыктуу мааниси бар аймактардын жагымдуулугун жогору-латуу боюнча чараларды көрсүн; - демографиялык саясатты ишке ашыруу боюнча чараларды эске алууменен үй-бүлө, салык жана турак жай укугунун, саламаттык сактоо, билимберүү, социалдык жактан камсыз кылуу, эмгек мамилелери, миграциялык са-ясат чөйрөлөрүндөгү республиканын мыйзамдарын өркүндөтсүн. 2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети(А.А.Шадиев) менен Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыксактоо боюнча комитетине (Б.У.Мамасейитова) жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова