Бишкек шаары2009-жылдын 24-сентябры №1395-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн(2009-жылдын 3-сентябрындагы № 554 токтом) "Кыргыз Республикасында тех-никалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамы кабыл алынсын. 2. "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүмыйзамдарга өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго демилге көтөрүү сунуш кы-лынсын: "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утил-дештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламентке"; "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу бо-юнча жалпы техникалык регламентке"; "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча КыргызРеспубликасынын жалпы техникалык регламентине". Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы А.Тагаев