Редакцияот 18.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаувай айыл кеңешинин 7-чакырылыш 2-уюштуруу сессиясы

 

2021-жылдын 18-майы № 2/2

Чаувай айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгашаларын  2022-2023-2024-жылдар долбоорун жактыруу жөнүндө

Чаувайайылдыкаймагынын 2022-2023-2024-жылдар үчүн бюджеттин божомолдуу долбоору 1998-жылдын 11-июнундагы №78«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде түзүлүп, Чаувай айыл аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы–башкы эсепчисинин билдируусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин  бюджет  жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Чаувай айылдык Кеңеши.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаувай айылдык аймагынын 2022-жылга киреше болугу  2471,0 миң сом , 2023-жылга2526,0 миң сом,2024-жылга2526,0 миң сом кирешелердин долбоору жактырылсын.

2. Чаувай айылдык аймагынын 2022-жылга 5692,1 миң сом ,2023-жылга 5796,6 миң сом,  2024-жылга  5796,6 миң сом болуп  чыгашалардын долбоору жактырылсын.

3. Чаувай айыл аймагы боюнча жетишпеген  суммалар  2022-жылга 3221,1 миң сом жетишпестик менен , 2023- жылга  3270,6 миң сом , 2024-жылга  3270,6 миң сом жетишпестик менен биргеликте жана жетишпеген  сумманы  КР финансы минстрлигинен  суралсын.

4. Ушул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык  кеңештин бюджет, экономика жана онор-жай маселелери боюнча туруктуу  комитетине  тапшырылсын.

 

Чаувай айылдык кеңешинин Төрага

А.Юсупов