Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаувай айыл кеңешинин 7-чакырылыш кезексиз 3- сессиясы
2021-жылдын 18-апрели № 33/1
Чаувай айыл аймагындагы бала бакчалардын кайрылуусун кароо жөнүндө
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана ата-энелердин протоколдук чечимин талкуулап, Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын 6- бөлүм 24- беренесинин 3- пунктуна негиз Чаувай айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамак-аштын кымбаттагандыгына байланыштуу ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөм күнүнө 18 сомго 8 сом кошулуп, 26 сом өлчөмүндө алынсын.
2. Токтомду мыйзамдуу аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомду мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Тешебаев
|