Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) 2 сессиясы
2021-жылдын 07- июну № 3/5
Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл–Кыя шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 3–бөлүгүнүн 1)–пунктуна, 43–беренесинин 2–, 3– жана 4–бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021–жылдын 19–майындагы №204 токтомуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2021–жылдын 20–майындагы №46 катына ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
Баткен областынын Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2021–жылдын 07–июнундагы Баткен областынын Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
Ушул токтомдун бир нускасы Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрага | Ж.Калматов |