Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) 2 сессиясы
2021-жылдын 07- июну № 35/149
Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2019-жылдын 05-ноябрындагы № 121 Мыйзамына негиз, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 05-мартындагы №9 катын жана шаардык кеӊештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясыннын 2021-жылдын 12-мартындагы №66 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча материалдар менен таанышып, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн сапаттык курамдагы талапкерлер жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына сунушталсын (Сапаттык курам тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2021-жылдын
15-мартындагы кезексиз XXXV сессиясынын №35/149 токтомуна №1 тиркеме
Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлерлердин
САПАТТЫК КУРАМЫ
№ | Ф.И.О | Туулган күнү, айы, жылы | Билими | Улуту | Жынысы
| Иштеген жери, ээлеген кызматы | Ким тарабынан көрсөтүлдү | Дареги, уюлдук телефону |
1. | Омурзакова Чынара Айдаралиевна | 28.09.1990 | жогорку | кыргыз | аял | Билим берүү бөлүмү, методист | ЖӨБ өкүлчүлүктүү органы | Кызыл-Кыя ш.Ленина көч. 264 0776 23 23 53 |
2. | Мумбаева Чолпон Турдалиевна | 11.10.1982 | жогорку | кыргыз | аял | Информатика мугалими | ЖӨБ өкүлчүлүктүү органы | Кызыл-Кыя ш. Жусубалиева көч № 130/28 0779 53 06 27 |
3. | Пазылов Арстанбек Токтоматович | 05.02.1976 | жогорку | кыргыз | эркек | Тренер ДЮШС | ЖӨБ өкүлчүлүктүү органы | Кызыл-Кыя ш. 1-май көч. 138/5 0779768619 |
4. | Сейдалиев Элмурат Акрамалиевич | 06.09.1993 | атайын орто | кыргыз | эркек | Жеке ишкер АО «Темир бетон» | ЖӨБ өкүлчүлүктүү органы | Микрорайон 24. кв 9 0223 58 60 60 |
Кызыл–Кыя шаардык
кеңешинин аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов