Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 34-сессиясы
2021-жылдын 09- февралы № 34/142
Кызыл–Кыя шаарынын прокуратурасынын 2021-жылдын 14-январындагы №11/45-19 «Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 24.12.2020-жылдагы 33/138 сандуу токтомунун 7-пунктуна карата каршылык билдирүүсү» жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеӊештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча жана Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2021–жылдын 26–январындагы биргелешкен отурумунун протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеӊеши
ТОКТОМ кылат:
Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2021-жылдын 14-январындагы №11/45-21 «Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 24.12.2020-жылдагы 33/138 сандуу токтомунун 7-пунктуна карата каршылык билдирүүсү» нө ылайык, Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 24.12.2020-жылдагы 33/138 сандуу токтомунун 7-пунктундагы
«жана каржылык-чарбалык иштерин», «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финполициянын) шаардык бөлүмүнөн суралсын, аны көзөмөлдөө жагы» – деп жазылган сүйлөмдөр алып салынсын жана төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
– Акыркы жылдары шаарда курулуп жаткан курулуш объектилеринин санитардык, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактабай курулуп жаткандыгы байкалат. Ушуларга жол берген Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2018-2019–2020–жылдары жүргүзгөн ишмердүүлүгүн карап чыгуу жагы шаардын прокуратурасына сунушталсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура маселелери боюнча жана Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |