Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 34-сессиясы
2021-жылдын 09- февралы № 34/143
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин (VI чакырылышы) туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 32–беренесинин 2–пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2020–жылдын 24–ноябрындагы №378 жана 2020–жылдын 19–декабрындагы №475 токтомдоруна негиз, шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларынын толук кандуу иштөөлөрүнө шарт түзүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
Кызыл–Кыя шаардык кеӊешинин (VI чакырылышы) «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат А.Махмедовдун жана «Бир Бол» фракциясынан депутат А.Абдуллаевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, алардын ордуна жаӊы келишкен:
«Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат Осмонов Турсунали шаардык кеӊештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына бекитилсин;
«Бир Бол» фракциясынан депутат Аматов Жаныбек Жеӊишбекович шаардык кеӊештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясын курамына бекитилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымынын орун басарлары А.Мамадиевге жана М.Миркадыровго тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |