Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 34-сессиясы
2021-жылдын 09- февралы № 34/144
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2021–жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, күн тартибиндеги шаардык кеңештин 2021–жылга карата иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, иш пландын долбоору туруктуу комиссиялардын берген сунуштарынын негизинде даярдалгандыгын, иш планды талкуулоодо шаардык кеңештин депутаттары тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2021–жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага, орун басарлары А.Мамадиевге, М.Миркадыровго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2021-жылдын
09-февралындагы кезектеги
XXХIV сессиясынын №34/144 токтомуна
1-тиркеме
И Ш П Л А Н Ы
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат | Жооптуу | |
1. | Кызыл-Кыя шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө | 2021-жылдын 1-кварталы
| Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис | |
2. | Кызыл-Кыя шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
| 2021-жылдын 1-кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис | |
3. | Кызыл-Кыя шаарынын 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттеринин божомолу жөнүндө | 2021-жылдын 1-кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис | |
4. | Кызыл-Кыя шаарынын 2021-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө: – 6 айлык бюджеттин аткарылышы; – 9 айлык бюджеттин аткарылышы; – 12 айлык бюджеттин аткарылышы жана КР МСК Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын салыктарды жыйноо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2021-жылдын
июль айы,
октябрь айы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис | |
5. | Кызыл-Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын 2020-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө
| 2021-жылдын 1-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис | |
6. | Караван жана Ак-Булак айылдарындагы СПАлардын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө | 2021-жылдын 1-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис | |
7. | Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча шаардын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 2021-жылдын 1-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис | |
8. | Шаар аймагындагы уруксаты жок куруп алган чоӊ кичине курулуштардын мыйзамдуулугун кароо Архитектуранын аткарган иштери жөнүндө (Архитектура, Госрегистр)
| 2021-жылдын 1-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис | |
9. | Кварталдык комитеттерди шаардык кеӊешке кайтарып алуу жөнүндө | 2021-жылдын 1-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, башкы адис | |
10. | Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2021-жылдын 3-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис | |
11. | Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2021-жылдын 4-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис | |
Уюштуруу иштери | |||||
1. | Шаардык кеңештин депутаттары менен окуу кеңешмелерин өткөрүү | Жыл ичинде | Шаардык кеңеш | Шаардык кеңештин аппараты | |
2. | Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын башка шаардык кеңештердин депутаттары менен тажрыйба алмаштырууну уюштуруу | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты | |
3. | Шаардык кеңештин сессияларында жана шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында кабыл алынган токтомдордун, чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин турууктуу комиссиялары. Шаардык кенештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты | |
4. | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушууларын уюштуруу жана ал жолугушууларда айтылган сын–сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты | |
Аппарат жетекчи Р. Абдукаюмов