Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 34-сессиясы
2021-жылдын 09- февралы № 34/148
Кызыл-Кыя шаарынын 2022-2023-жылдарга шаардын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101-Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2022-2023-жылдарга шаардын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын январь айындагы №99 протоколунда каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга шаардын бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен берилген контролдук суммасынын долбоору 135293,3 мин сом өлчөмүндө көңүлгө алынсын.
Кызыл-Кыя шаарынын 2023-жылга шаардын бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен берилген контролдук суммасынын долбоору 137790,3 мин сом өлчөмүндө көңүлгө алынсын.
2022-2023-жылдарга шаардын бюджеттинин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
2022-2023-жылга шаардын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык аныкталсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(VI чакырылышы) 2021-жылдын
9-февралындагы кезектеги
34-сессиясынын №34/148 токтомуна
№1 тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн
2022-2023-жылдарга долбоору
(мин сом)
Элемент (8) | ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ | Долбоор | ||
Кирешелердин аталышы | 2022ж | 2023ж | ||
| 1 | 5 | 6 | |
| Кирешелер+активдер жана милдеттемелер (жер сатуу)+трансферттер | 135293,3 | 137790,3 | |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 58078,0 | 60575,0 | |
11121100 | Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык | 552,0 | 552,0 | |
11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык | 2 811,0 | 2 811,0 | |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 27 325,0 | 27 325,0 | |
11311100 | Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 14,6 | 14,6 | |
11311200 | 2 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 1 000,0 | 1 000,0 | |
11311300 | 3 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 35,0 | 35,0 | |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 386,0 | 386,0 | |
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 5993,0 | 5993,0 | |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 1613,7 | 1613,7 | |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 400,2 | 400,2 | |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 6 678,0 | 6 678,0 | |
11412100 | Сатуудан салык | 0,0 | 0,0 | |
11442 | Роялти | 83,0 | 83,0 | |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 26 835,8 | 26 835,8 | |
14151200 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн алынган лицензия үчүн акы | 100,0 | 100,0 | |
14152100 | Калктуу конуштардагы жер ижарасы үчүн акы | 2 170,8 | 2 170,8 | |
14152200 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 485,0 | 485,0 | |
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулуштардын ижара акысы | 24616,5 | 2 416,5 | |
14221700 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 205,0 | 205,0 | |
14221800 | Авто транспорт токтотуу үчүн жыйым | 1 251,5 | 1 251,5 | |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр | 22 067,0 | 22 067,0 | |
14232400 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр | 22 067,0 | 22 067,0 | |
3 | Активдер жана милдеттенмелер | 1 628,0 | 1 628,0 | |
| Айыл -чарбасына жараксыз жерлер | 1 628,0 | 1 628,0 | |
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы: И. Жолдошов
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(VI чакырылышы) 2021-жылдын
9-февралындагы кезектеги
34-сессиясынын №34/148 токтомуна
№2 тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын 2022-2023-жылдарга шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн долбоору
мин сом.
Мазмуну | 2022-жыл | 2023-жыл |
Ч ы г а ш а л а р |
|
|
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү | 28532,8 | 29055,0 |
- анын ичинде –Резервдик фонд | 1100,0 | 1100,0 |
Коргонуу | 805,6 | 858,0 |
Экономикалык бөлүкчө | 28540,6 | 28540,6 |
Турак жай чарбасы | 33051,0 | 34551,0 |
- анын ичинде – “Тазалык” мм | 5500,0 | 6000,0 |
Маданият | 9905,7 | 10105,7 |
- анын ичинде – Дене тарбия | 2858,2 | 2858,2 |
- Атайын каражат | 1000,0 | 1000,0 |
Билим берүү | 32657,6 | 32800,0 |
- анын ичинде – Атайын каражат | 21067,0 | 21067,0 |
Социалдык камсыздоо | 1800,0 | 1880,0 |
Чыгашалардын жыйынтыгы: | 135293,3 | 137790,3 |
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р. Абдукаюмов.
Финансы башкармалыгынын бшчысы: | И. Жолдошов. |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(VI чакырылышы) 2021-жылдын
9-февралындагы кезектеги
34-сессиясынын №34/148
токтомуна №3 тиркеме
Экономикалык бөлүкчөнүн бөлүнүшү.
Мекеменин аталышы |
| 2022-ж. план | 2023-ж. план |
МЧС | Күтүлбөгөн кырдаалдарга | 800,0 | 800,0 |
Шаар боюнча | Кошумча гранттарга үлүш катарында | 700,0 | 700,0 |
Мэрия | кварталдык комитеттерге жеңилдиктер | 350,0 | 350,0 |
Мэрия | Ветерандар комитетине | 200,0 | 200,0 |
Бюджеттик мекемелердин | Коммуналдык чыгымдарга ж.б. кошумча | 500,0 | 500,0 |
Шаардык финансы башкармалыгы | Сапардама жана башка чыгымдар үчүн | 100,0 | 100,0 |
Мэрия | Шаардын тургундарын мектеп окуучуларын ташууга транспорттук чыгым. | 200,0 | 200,0 |
Мэрия | "Мезгил Жарчысы" гезитине | 150,0 | 150,0 |
Мэрия | Шаардын взносу | 53,0 | 53,0 |
Мэрия | үлүштүк түрткү берүүчү грантка 6 долбоорго үлүш | 9720,0 | 9720,0 |
Мэрия | Сууканалдын ЕБРРден алган насыясын төлөөгө | 15177,6 | 15177,6 |
Кенеш
| Шаардык стат бөлүмүнө мал каттоого
| 100,0
| 100,0
|
Мэрия, ММД, МТУ.
| Шаардык стат бөлүмүнө жан каттоого
| 490,0 | 490,0 |
| Баардыгы: | 28540,6 | 28540,6 |
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р. Абдукаюмов.
Финансы башкармалыгынын бшчысы: | И. Жолдошов. |