Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 33-сессиясы
2020-жылдын 24- декабры № 33/138
Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2020–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 01–декабрындагы №31 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
2020-жылдын жыйынтыгы менен коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүүдө өзгөчө эмгек сиӊирген медицина кызматкерлерин жана башка кызматтардын кызматкерлерин сыйлоону уюштуруу жагы;
– шаарга жаӊы үлгүдөгү «Медициналык тез жардам» (Реономобиль) автоунаасын, компьютердик резонанстык томография, рентген жана УЗИ аппараттарын бөлдүрүү маселесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине коюп, маселенин оӊ жагына чечилишин камсыз кылуу жагы;
– шаардын аймагына курулган «Ыйман» комплексиндеги саламаттыкты сактоо багытында курулган оорукананы жана гемодиализ аппаратын пайдаланууга берүү иштерин аягына чыгаруу жагы;
– саламаттыкты сактоо мекемелерин 2020-2021-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде электр жана жылуулук энергиялары, суу, отун жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы.
– шаардык кеңештин социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алып, анализдеп, аткарууга алуу жагы (1-тиркеме).
– саламаттыкты сактоо мекемелеринде, алардын бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММКФ тарабынан акысыз берилүүчү дары-дармектердин, медикаменттердин жана медициналык материалдардын тизмелерин илип коюу жана аларды жума сайын жаңылап туруу иштерине көзөмөл жүргүзүү жагы;
– окуучулардын жана студенттердин ден соолугуна кам көрүү максатында, мектептердин класстарындагы жана окуу жайлардын окуу корпустарындагы температуралык режимдердин сакталышына рейд өткөрүп көзөмөл жүргүзүү жагы;
– коронавирус (COVID-19) ылаӊы менен күрөшүүгө коомдук кайрымдуулук фонддорун жана волонтёрлорду тартуу боюнча иштерди алып баруу жагы;
– инфекциялык (коронавирус, кутурма, сибирь жарасы ж.б.у.с.) ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүүнү активдештирүү жагы.
– окуучулардын жана студенттердин ден соолугуна кам көрүү максатында, рейд өткөрүп мектептердин класстарындагы жана окуу жайлардын окуу корпустарынын аудиторияларындагы температуралык режимдердин сакталышына, залалсыздандыруу (дезинфекциялоо), беткап, антисептиктер ж.б.у.с. коргонуу каражаттары, тепловизор менен камсыздалышына көзөмөл жүргүзүү жагы;
– жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, менчигинин түрүнө карабай медициналык кызматкерлердин, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана тамак-аш сатуучу жайлардын кызматкерлеринин санитардык кароодон өтүп, санитардык китепчелеринин толтурулуусуна көзөмөлдү күчөтүү жагы.
Төрайым | У. Дарипова |