Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-августу № 10
Сүлүктү шаарынын мэри А.Халбековдун 2021-жылга кабыл алынган план- программсын бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэри А.Халбековдун 2021-жылга кабыл алынган план- программасы менен таанышып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-41-44 беренелеринин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэри А.Халбековдун 2021-жылга кабыл алынган план- программасы бекитилсин (план- программа тиркелет)
2. Сүлүктү шаарынын мэри А.Халбековго:
-2021-жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы боюнча стратегиялык иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылуу;
-Кадр мселелерин учурдун талаптарына ылайык жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу;
-Көмүр өнөр-жайын өнүктүрүү, экономикалык көрсөткүчтөрду жогорулатуу, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүну жалпы координациялоо жана көзөмөлдөө;
- инвестиция, таза суу, жол, тарнспорт, коммуникация маселелерин өз убагында чечүүнү камсыз кылуу;
- Билим берүү, маданият, саламатыкты сактоо, каада салт, спорт, калкты жумуш менен камсыз кылуу багытындагы иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу;
-Бекитилген программанын аткарылышы боюнча маалымат шаардык кеӊешке 2021-жылдын жыйынтыгы менен берилишин камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сүлүктү шаарынын мэри А.Халбековго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча, өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык, экология боюнча, социалдык маселелер, билим беруу, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | К. Мадамидов |
Сүлүктү шаардык кеӊешинин
10.08.2021ж.IV сессиясынын
№10 токтому менен бекитилди
Сүлүктү шаарынын мэри А.Халбековдун 2021-жылга кабыл алынган план-программасы
К-№ | Иш-чара жана аракеттер | Каржылоо, ишке ашыруу булактары | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа |
1. | Сүлүктү шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын реаблитациялоо долбоорунун 2-фазасын ишке ашыруу | АРИС
| 2021ж. Август | Сүлүктү шаарынын жалпы калкы ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздалат. |
2. | “Сүлүктү тазасууканал” МИсын авто техникалар менен камсыз кылуу
| АРИС | 2021ж. Август | Шаарды суу менен камсыз кылуу ишканасынын потенциалы жогорулайт. Кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырат. Убакыт жана жумушчу күчү үнөмдөлөт. “Сүлүктү тазасууканал” МИсы БЕЛАРУСЬ ЭП-491, КРАН-МАНИПУЛЯТОР үлгүсүндөгү техникалар менен камсыздалат. |
3. | “Сүлүктү тазасууканал” МИсын суунун тунуктугун текшеруучу аппарат менен камсыздоо | Республикалык бюджет | 2021ж. Декабрь | Шаарды суу менен камсыз кылуу ишканасынын потенциалы жогорулайт. |
4 | “Сүлүктү Тазалык”МИсын авто техникалар менен камсыз кылуу
| АРИС | 2021ж. Июнь | “Сүлүктү Тазалык”МИнын потенциалы жогорулайт. Кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырат. Убакыт жана жумушчу күчү үнөмдөлөт. “Сүлүктү Тазалык”МИсын Мусоровоз үлгүсүндөгү техника менен камсыздалат. |
5 | Сүлүктү шаарындагы И.Раззаков көчөсүнөн баштап Кошбулак аймагынын Р.Жолбаева көчөсүнө чейинки негизги авто жолдорду калыбына келтирүү, чункурларды жамоо иштерин жүргүзүү. | Жергиликтүү бюджет | 2021ж. Июль-август | Шаардын инфраструктурасы жакшырат. Шаардын жол коопсуздугу менен камсыздалат. |
6 | Сүлүктү шаарындагы Т.Ибрагимов, Бакыбеков, Макаевка жана Отбасаров көчөлөрун жарыктандыруу. | Жергиликтүү бюджет | 2021ж. июнь. | Шаар ичиндеги аталган көчөлөр жарыктандырылып, шаардын жол коопсуздугу менен камсыздалат. |
7 | Сүлүктү шаарынын Бакыбек, Т.Ибрагимов көчөсүндөгү тротуарды капиталдык ремонттон өткөрүү. | Жергиликтүү бюджет | 2021ж. Июнь | Шаардын инфраструктурасы жакшырат. Шаардын жол коопсуздугу менен камсыздалат. |
8 | Сүлүктү шаарынын Советская жана И.Раззакова көчөсүнүн тротуарын капиталдык ремонттон өткөрүү | Жергиликтүү бюджет | 2021ж. июль | Шаардын инфраструктурасы жакшырат. Шаардын жол коопсуздугу камсыздалат. |
9 | № 1 В.И.Ленин атындагы мектебинин спорт залын ремонттон өткөрүү | Жергиликтүү бюджет | 2021-жыл | Дени сак муундарды тарбиялоого шарт түзүлөт . |
10 | С.Садыков көчөсүндөгү “Юность ” жаштар кышкы клубун капиталдык ремонттон өткөрүү | Жергиликтүү бюджет | 2021ж. Август | Дени сак муундарды тарбиялоого шарт түзүлөт |
11 | “Жеткинчек ” балдар бакчасына кошумча курулуштарды куруу | Жергиликтүү бюджет | 2021ж. Август | Бакча үчүн ыйгайлуу шарт түзүлөт. |
12 | № 3 Уй бүлөлүк дарыгерлер тобунун кире бериш верандасын ремонттон өткөрүү | Жергиликтүү бюджет | 2021-жыл | Саламаттык сактоо кызматынын коопсузду сакталат жана жылуулук менен камсыздалат. |
13 | “Мурас”балдар бакчасына ажаткана куруу , “Наристе” балдар бакчасынын айланасын тосуу | Жергиликтүү бюджет | 2021ж. Сентябрь | Бакча үчүн ыйгайлуу шарт түзүлөт. |
14 | Сүлүктү шаарынын мэриясынын чон залын капиталдык ремонттон өткөрүү | Жергиликтүү бюджет | 2021-жыл | Шаардын инфраструктурасы жакшырат. |
15 | Сүлүктү шаарындагы Жолбаева көчөсүндөгү № 4 орто мектебинин котельный имаратын ремонттон өткөрүү.
| Республикалык бюджет | 2021-жыл Июнь-ноябрь | 334 окуучунун билим алуусуна жана 36 мугалимдердин иштөөсүнө жылуулук шартты түзүлөт. |
16 | Сүлүктү шаарындагы П.Кулматов көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү. | Республикалык бюджет | 2021ж. Июнь-ноябрь | Шаардын инфраструктурасы жакшырат. Шаардын жол коопсуздугу менен камсыздалат. |
17 | Сүлүктү шаарынындагы Т.Марипов көчөсүндөгү № 7 орто мектебинин котельный имаратын ремонттон өткөрүү. | Республикалык бюджет | 2021ж. Июнь-ноябрь | 603 окуучунун билим алуусуна жана 36 мугалимдердин иштөөсүнө жылуулук шартты түзүлөт. |
18 | “Келечек ” балдар бакчасынын имаратын ремонттон өткөрүү | Республикалык бюджет
| 2021ж. Июнь-ноябрь | 130 мектепке чейинки билим алуучу балдарга жана 30 бакча кызматкерлеринин иштөөсүнө жылуулук шарт жана ынгайлуу жагдай түзүлөт. |
19 | Көмүр өндүрүүчү ишканаларды ачуу. | Жеке салым | 2021-жыл ичинде | Жаны жумуш оруну түзүлөт, туруктуу киреше булагы менен камсыздалат. |
20. | Сүлүктү шаарынын Бакыбек көчөсүндөгү сел кетүүчү сайынындагы кум, шагыл жана топурактарга толгон 400метр аралыктагы сайдын нугун тазалоо, 45 метр аралыгын тирөөчү таяныч дубал куруу менен жээгин бекемдөө жана сайдын 50метр аралыгындагы жээгин тирөөчү таяныч дубал куруу менен бекемдөө | Жергиликтүү бюджет, КР ӨКМ | 2021ж. Октябрь | Сүлүктү шаарынын аймагындагы сел агынынан кооптуу болгон Бакыбек көчөсүндөгү сел кетүүчү сайындагы кум, шагыл жана топурактарга толгон 400метр аралыктагы сайдын нугу тазаланат. Турак үйлөргө кооптуу абал жараткан сайдын жээгине тирөөчү таяныч дубал курулуп бекемделет. |
21. | Макаевка көчөсүндөгү сел кетүүчү сайынын 45 метр аралыгындагы жээгин габион торчо менен бекемдөө | Жергиликтүү бюджет, КР ӨКМ
| 2021ж. Октябрь | Макаевка көчөсүндөгү 8 турак үйдүн жанынан өткөн сел кетүүчү сайынын аралыгындагы жээгин гарбион торчо менен бекемделет |
Сүлүктү шаарынын мэри А.Халбеков