Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) IV сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 12
Нарматов Суюнбай Турдалиевичти “Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2021-жылдын 17-июнундагы №01-12/01-708 чыгыш сандагы Нарматов Суюнбай Турдалиевичти “Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү каты жөнүндө шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 3- пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарматов Суюнбай Турдалиевичти “Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. Дайындалган жетекчинин “Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын ишин мыйзам ченеминде жүргүзүү жана шаардын тазалыгын камсыз кылуу, калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүнү талапка ылайык аткарууну камсыз кылуу жагын көзөмөлдөө шаардын мэри А.Халбековго жүктөлсүн
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Төрага | К. Мадамидов |