Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) IV сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 14
“Сүлүктү тазасууканал” муницпалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү Таза суу канал” МИ аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси К.Садыковдун маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен жана чарбалык жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуунун абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүү жагы
- АРИС долбоору боюнча шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылган жумуштардын сапаттуулугун жана өз мөөнөтүндө аткарылышын көзөмөлдөө жагы
- Суу сактагычтарындагы, суу берүүчү суу түтүктөрүндөгү суунун коркунучтуу химиялык жана биологиялык заттардан жана организмдерден булгануудан сактоо боюнча иш жүргүзүү, санитардык коргоо зоналарын нормага ылайык уюштуруу жагы
- Калкка суу берүүнүн графиги түзүлүп “Шахтер жолу” гезитине жарыялоо жагы
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси К.Садыковдон талап кылынсын, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К. Мадамидов |