Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) IV сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 15
Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жөнүндө
Шаардын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жөнүндө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сапарбаевдин жана «Сүлүктү - Тазасууканал» муниципалдык ишканасынын директору К.Садыковдун сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 21-январындагы XXX сессиясынын №139 токтому менен бекитилен “Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жокко чыгарылсын
2. Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи бекитилсин ( макулдашылган баалардын өлчөмдөрү тиркелет)
3. Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жана суунун көчөлөргө берилүү графигин массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы шаардык «Шахтер жолу» гезитинин башкы редактору К.Шамшиевага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга жана «Сүлүктү - Тазасууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси К. Садыковго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин өнөр жай, трансрт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Мадамидов |
Белгиленди" Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине каратгуу монополияга карты жонго салуу мамлскегтик агентигинин Баткен облустук болумунун башчысы А. Дыкапов 2021 ж.
| Бекитемин" Сулукту шаардык кенешинин торагасы К. Мадаминов « »2021 ж.
|
"
"Сулукту-Тазасууканал" муниципалдыкишканасынын таза сууну колдонуу боюнча Прейскуранттык наркы
№ | Кызматтын туру жана колдонуу нормасы | Олчом бирдиги | Суммасы |
1 | Сууэсептегич куралменен 1 м3 учунтаза суунун наркы элге | сом | 8,31 |
2. | Суу эсептегич курал мечен бюджетник мекеме- ишканалар учун 1 м3 таза суунун наркы | сом | 37,0 |
3. | Суу эсептегич куралменен ондуруштук мекеме- ишканалар учун 1 м3 суунун наркы | сом | 48,7 |
4. | Сууэсептегич куралменен коммерпиялык жумуштарга пайдаланууларучун 1 м3 таза суунун наркы | сом | 48,7 |
“Сүлүктү Тазасууканал” МИнын директору К.Садыков
“Сүлүктү Тазасууканал” МИнын
башкы эсепчиси О.Матазимов