Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) IV сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 16
“Сүлүктү Жеткинчек” ясли бакчасында балдарды мектепке чейинки даярдоо тайпасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
“Сүлүктү Жеткинчек” ясли бакчасынын 2021-жылдын 26-июлундагы №560 чыгыш сандуу “Сүлүктү Жеткинчек” ясли бакчасына балдарды мектепке чейинки даярдоо тайпасын (480 сааттык) ачууга макулдук берүү жөнүндө катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Сүлүктү Жеткинчек» ясли бакчасында балдарды мектепке чейинки даярдоо тайпасын (480 сааттык) ачууга макулдук берилсин
2.«Сүлүктү Жеткинчек» ясли бакчасында балдарды мектепке чейинки даярдоо тайпасын ачылуусун уюштуруу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановго милдеттендирилсин
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө , көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К. Мадамидов |