Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 6-июль № 7
Сүлүктү шаарынын архитектуралык өнүгүү боюнча генералдык планынын Концепциясын бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 02.07.2021ж №01-12/01-844 чыгыш сандагы Сүлүктү шаарынын архитектуралык өнүгүү боюнча генералдык планынын Концепциясын бекитүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жана Сүлүктү шаардык шааркурулуш жана архитектура башкармалыгынын башкы архитектоу М.Джуманованын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.08.2017-ж. №490 “2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын генералдык планын иштеп чыгуу үчүн Лейлек районунун Исфана шаарынын жалпы 540,9га жер аянтын Сүлүктү шаарына өткөрүп берүү маселесин Исфана шаардык кеӊешинин депутаттары менен макулдашуу жагы;
2. Сүлүктү шаарынын генералдык планын иштеп чыгуу үчүн Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн жалпы 31,4га жер аянтын Сүлүктү шаарына өткөрүп берүү маселесин Кулунду айылдык кеӊешинин депутаттары менен макулдашуу жагы;
3. Бекитилген Сүлүктү шаарынын архитектуралык өнүгүү боюнча генералдык планынын Концепциясында каралган жалпы 600га жер аянтын трансформациялоо жагы милдеттендирилсин
Төрага | К. Мадамидов |