Бишкек шаары2009-жылдын 2-октябры № 1414-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ "Бишкек шаарында 2009-жылдын 15-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бвропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Ош-Исфана автожолун реабилитациялоо долбоору, 1-фаза) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн(2009-жылдын 15-сентябрындагы № 582 токтом) "Бишкек шаарында 2009-жыл-дын 15-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструк-циялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну(Ош-Исфана автожолун реабилитациялоо долбоору, 1-фаза) ратификациялоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - бул Кредиттик макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн бөлүнүп берилүүчүкаржы каражаттарын пайдаланууну контролдоо боюнча Байкоо кењешинин ку-рамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Г.Т.Дерби-шеваны жана А.Т.Каримовду киргизсин; - Жогорку Кењеш тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдердижана макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилүүчү каржы каражат-тарынын пайдаланылышын контролдоо боюнча Байкоо кењешин анын курамынаКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын киргизүү менентүзсүн; - мындан ары эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбо-орлорун даярдоодо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча делегациялардын курамы-на республиканын тиешелүү региондорунан келген Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин депутаттарын киргизсин. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова