Бишкек шаары2009-жылдын 6-ноябры № 1473-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Республикада билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган гранттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши "Республикада билим берүүнүөнүктүрүүгө багытталган гранттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралу" маселени карап, КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан чакан Улуттук куррикулум түзүмүнүн ар-касында билим берүү секторун реформалоо саясатын ишке ашырууда, билимберүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууда, кадрларды даярдоотүзүмдөрүн эмгек рыногунун талаптарына ылайык келтирүүдө жана билимберүү стандарттары менен окуу программаларын жањылоого ар тараптуу кол-доо көрсөтүлүп жаткандыгын белгилейт. Азия өнүктүрүү банкынын (мындан ары - АӨБ) жана Бүткүл дүйнөлүкбанктын (мындан ары - ББ) гранттык колдоосу менен азыркы убакта КыргызРеспубликасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүүчөйрөсүндөгү иш-чаралардын аткарылышына арналган жалпы наркы 47396,0мињ АКШ доллары болгон долбоорлор ишке ашырылып жатат, анын ичинде: 1) АӨБнын "Билим берүүнүн экинчи долбоору" - долбоордун жалпы нар-кы 21854 мињ АКШ доллары (АӨБнын гранты - 15,5 млн. АКШ доллары, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кошумча каржылоосу - 6,354 мињ АКШ доллары).2009-жылдын 1-сентябрына карата гранттан 9,77 мињ АКШ доллары каржылан-ган (АӨБ - 9,53 мињ АКШ доллары же гранттын 61,5 пайызы, Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү - 0,24 мињ АКШ доллары же кошумча каржылоонун 3,7 па-йызы). 2009-жылдын 1-сентябрына карата 9765,0 мињ АКШ долларыөздөштүрүлгөн; 2) "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн негизги билимге жетишүүнүжогорулатуу" долбоору (Япон жакырчылыкты кыскартуу фондунун гранты) -долбоордун жалпы наркы 1060 мињ АКШ доллары (ЯЖКФ - 1 млн. АКШ доллары,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошумча каржылоосу натуралдык түрдө -50 мињ АКШ доллары, донор уюмдардын кошумча каржылоосу натуралдык түрдө- 10 мињ АКШ доллары). 2009-жылдын 1-сентябрына карата гранттан 136 мињАКШ доллары каржыланган (ЯЖКФ - 133 мињ АКШ доллары же гранттын 13,3пайызы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - 2,9 мињ АКШ доллары же кошумчакаржылоонун үлүшүнүн 5,8 пайызы). 2009-жылдын 1-сентябрына карата 135,9мињ АКШ доллары өздөштүрүлгөн; 3) ББнын "Айылдык билим берүү" долбоору - долбоордун жалпы наркы15460 мињ АКШ долларын түзөт. 2009-жылдын 1-сентябрына карата 12022,6мињ АКШ доллары өздөштүрүлгөн; 4) "Билим берүү бардыгы үчүн" программасын тездетип ишке ашыруудемилгесине көмөк көрсөтүүнүн трасттык фондунун гранты - долбоордунжалпы наркы 9021,2 мињ АКШ долларын түзөт. 2009-жылдын 1-сентябрына ка-рата 8275,1 мињ АКШ доллары өздөштүрүлгөн. Гранттык каражаттар билим берүү жаатындагы төмөнкүдөй улуттукстратегиялык максаттарды чечүү үчүн жумшалган: - окуу пландарын, стандарттарын, программаларын, окуу китептеринжана окуу материалдарын, баа берүү тутумун модернизациялоого; - айылдык мектептерге артыкчылыктуу көњүл буруу менен мугалимдер-дин квалификациясын жогорулатууга; - мугалимдерге сыйлык берүү системасын өркүндөтүүгө; - жалпы билим берүү уюмдарында жана бала бакчаларда окутуучөйрөсүн жакшыртууга; - өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билим алууга жетүүсүн жогору-латууга; - жалпы билим берүү уюмдарын каржылоо тутумун өркүндөтүүгө. АӨБнын долбоорлорунун колдоосу менен окуу пландарын, мектептик би-лим берүү стандарттарын, окутуунун сапатына баа берүүнү этаптар боюнчамодернизациялоо жүрүп жатат. Мектеп мугалимдери менен директорлорун за-манбап менеджменттин усулдарына, окутуунун инновациялык усулдарын, жањыокуу пландарын жана стандарттарын пайдаланууга үйрөтүү башталган."Айылдык мектептердин мугалимдери үчүн сыйлык берүү" программасы боюнчаайылдык мектептердин 300 мугалимине кызыктыруучу сыйлыктар берилген.Пландаштырылган 90 мектептин ичинен 76сында реабилитациялоожүргүзүлгөн, алардын ичинен 56сы компьютердик жана лингафондук жабдуу-лар менен жабдылган. Жањы окуу планынын жана стандарттарынын негизиндетүзүлгөн 1-класс үчүн кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдериндеги окуукитептерин даярдоо жана бастырып чыгаруу боюнча даярдык көрүү иштерибашталган. Өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билим алууга жетүүсүн камсызкылуу үчүн бардык региондордо психологиялык-медициналык педагогикалыкконсультациялар түзүлгөн, алар жабдуулар менен жабдылган, ал эми адис-тер өзгөчө муктаждыктары бар балдарга диагноз коюуга үйрөтүлгөн. Таж-рыйба жүргүзүлүүчү мектептерди калыбына келтирүү башталган, аларда ма-йып балдарды окутуу үчүн шарттар түзүлмөкчү, майып балдарды жана мек-тептердин өзүн жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.АӨБнын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иштер пландаштырылган (иштелипчыгылган) предметтик стандарттардын мазмунун талкуулоо, аткарылган ре-монттук жумуштарды кабыл алууга чейин дефекттик актыларды түзүүдөн мек-тептерди реабилитациялоо сыяктуу иш-чаралар иш жүргүзүүнүн бардыкдењгээлдеринде жергиликтүү коомдоштуктар менен өз ара тыгыз аракеттенипжүргүзүлүп жатат. ББнын долбоорлорунун колдоосу менен Ысык-Көл жана Талас областта-рында мектептердин натыйжалуу иштөөсүн башкаруу тутумунун моделин экижылдык сынап көрүү аяктады. Натыйжалуулук дењгээлдери боюнча сыйлыкберүү шкаласы иштелип чыгылган - 2009-жылдын 1-июнуна карата компонент-тин алкагында мугалимдерге сыйлык берүү үчүн 12512882,8 сом чегерилген.Түзүлүп жаткан 7 окуу китебинин аталышы бекитилип, ошондой эле тендер-дик документтери даярдалган 10 окуу китебинин аталышынан турган тизмеаныкталган. Мектепке чейинки мекемелерде окуу үчүн 2600 китепти (100аталыштын 71 китеби кыргыз тилинде, 29 китеби орус тилинде) нускалооаяктады. Тажрыйба долбоорлору сыналып жаткан областтарда 300 башталгыч мек-теп жана 99 мектепке чейинки мекемелер керектүү жабдуулар жана окуу ку-ралдары менен камсыз болгон. Нарын, Чүй жана Баткен областтарындагы 49мектептин ичинен 45инде ремонттук жумуштар аяктаган: 2007-жылы 29 мек-тепте 75 млн. 753 мињ сом суммасына, 2008-жылы 28 мектепте 92876,008сом суммасына. Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн педагог-дору менен администраторлорун даярдоонун жана алардын квалификациясынжогорулатуунун программаларын талдоо жүргүзүлгөн. Тажрыйбанын жыйынтык-тары боюнча Ысык-Көл жана Баткен областтарында ар бир адамды каржылоомоделин киргизүү башталган. Мына ошентип, аталган долбоорлордун сунуштамалары кадрларды даяр-доо жана алардын квалификациясын жогорулатуу программаларынын мазмунунжакшыртуу жаатындагы саясатты иштеп чыгуу үчүн негиз болуп кызмат кылууменен окутуунун сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет. Ошону менен бирге эл аралык уюмдардын билим берүү долбоорлорун иш-ке ашырууда бир катар кемчиликтер жана өксүктөр бар: - долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Билимберүү жана илим министрлиги тарабынан контролдоонун жана аткаруу агент-тиктери (долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү ж.б.) тарабынан кетирилгенкемчиликтер боюнча чара көрүүнүн дењгээли төмөн; - "Билим берүү бардыгы үчүн" программасын тездетип ишке ашыруу де-милгеси" долбоорунун жана "Өзгөчө муктаждыктары бар балдардын негизгибилимге жетүүсүн жогорулатуу" долбоорунун (Япон жакырчылыкты кыскартууфондунун гранты) каражаттарын өздөштүрүү кечиктирилгендиктен айрым дол-боорлорду ишке ашыруунун мөөнөттөрү бузулган; - аны ишке ашырууда Улуттук координатор (Кыргыз РеспубликасынынБилим берүү жана илим министри) менен биргелешип долбоорду стратегиялыкбашкарууну жүзөгө ашырууга тийиш болгон Улуттук кењеш (төрагасы - ви-це-премьер-министр, өкүлдөрү - Президенттин Администрациясынан, ЖогоркуКењештен, өкмөттүк органдардан) алигече түзүлгөн эмес жана "Айылдык би-лим берүү" гранттык долбоорунун ишине катышпоодо; - бардык билим берүү долбоорлоруна жалпы стратегиялык жетекчиликтижүзөгө ашырууга тийиш болгон Улуттук байкоочу кењеш түзүлгөн жанаАӨБнын долбоорлору үчүн гана иштеп жатат, ал эми Жобо менен каралгандолбоорлорду башкаруунун региондук кењештери расмий түрдө түзүлгөнэмес; - окуу китептерин ижарага алууну жокко чыгаруунун айынан 180,0 мињАКШ доллары, "Окуу китептери жана окуу материалдары" компонентин ишкеашыруунун жүрүшүндө 438,0 мињ АКШ доллары суммасындагы каражаттарөздөштүрүлбөй калган; - долбоорлордогу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үлүштөрү толуккөлөмдө каржыланбай жатат. Бул өзгөчө АӨБнын "Билим берүүнүн экинчидолбоору" долбооруна тиешелүү, аны ишке ашыруунун алкагында Өкмөттүнүлүшүнөн 6,354 млн. АКШ долларынын ичинен бүгүнкү күндө 240 мињ АКШдолларына жакыны же бардык каралган сумманын 3,7 пайызы каржыланган,мунун айынан долбоор менен каралган ремонттолгон мектептерди мектепэмеректери менен жабдууга каражаттар бөлүнбөй жатат; - мектеп директорлорун жана мугалимдерин окутуунун инновациялыкусулдарына, менеджментке окутууга каражаттар өз убагында бөлүнбөйт, му-нун өзү окуп-үйрөтүүчү семинарларды өткөрүүнүн мөөнөттөрүнүн иш жүзүндөбузулушуна алып келүүдө; - 425 чакан долбоордук сунуштарды ишке ашырууга 1060,7 мињ АКШдоллары суммасында грант берилген, алардын ичинен 105 чакан долбоордуксунуштар 2009-жылдын I кварталында каржыланууга тийиш болгон. Ишжүзүндө алардын 20 пайызы же 121,1 мињ АКШ доллары жергиликтүү коомдош-туктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, областтык жана ра-йондук мамлекеттик администрациялар тарабынан каржыланган. Бирок, айрымчакан долбоордук сунуштарды каржылоо 3 мектепте эсептешүү эсебинин жок-тугунун жана 8 мектептин кошумча каржылоосунун жоктугунун себеби боюнчажүргүзүлгөн эмес; - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөнтекшерүүнүн жүрүшүндө "Айылдык билим берүү" долбоорун ишке ашыруудадолбоордун бюджети менен каралбаган башка жакка барууларга тиешелүү ка-ражаттарды максатсыз пайдалануунун фактылары табылган; - долбоордук иштерди, атап айтканда "Билим берүү бардыгы үчүн"программасын тездетип ишке ашыруу демилгесине көмөк көрсөтүүнүн трастыкфондунун гранты" долбоорун ишке ашыруу мектептер менен мектепке чейинкимекемелердин чыныгы абалын алдын ала иликтебестен аткарылган; - долбоордук иштерге тендерлерди өткөрүүдө билим берүү уюмдарынындиректорлору катышкан эмес; - эмеректерди жана товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүштүрүүар бир билим берүү мекемесинин керектөөлөрүн эсепке алуусузжүргүзүлгөн; - депозиттик суммаларды алуучу мугалимдердин жумуш убактысын эсеп-ке алуу боюнча маалыматтарды берүүнүн механизми иштелип чыккан эмес. Бүтүндөй алганда грантты өздөштүрүү жайбаракат жүзөгө ашырылууда.Анткени долбоорду ишке ашырууга каралган 11849,2 мињ АКШ доллары сумма-сындагы бюджеттин 2009-жылдын 1-январына карата иш жүзүндө 9837,9 мињАКШ доллары пайдаланылган, б.а. долбоорду жүзөгө ашыруунун башталышынанбери компоненттер боюнча каражаттарды өздөштүрүү алдын ала каралганграфиктен артта калууда. Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - эл аралык уюмдардын билим берүү долбоорлорунун ишин контролдоонужана координациялоону күчөтсүн; - гранттарды тиешелүү түрдө жана натыйжалуу өздөштүрүү менен пай-далануу боюнча зарыл болгон чаралардын комплексин кабыл алсын; - гранттарды өздөштүрүүнүн бүдөмүксүздүгүнүн жана натыйжалуулугу-нун максатында долбоорлорду башкаруу боюнча улуттук жана региондуккењештерди түзсүн; - бастырып чыгарууга пландаштырылган окуу китептерин түзүүнү аяк-тоо, ошондой эле окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн окуукитептерин кайра бастырып чыгаруу боюнча чаралардын комплексин кабылалсын; - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигининтүзүмүндө өзүнө бюджетти стратегиялык пландаштыруунун, талдоонун жанатүзүүнүн функцияларын камтыган билим берүүдө стратегиялык пландаштыруужана бюджет бөлүмүн түзүү жөнүндө маселени карасын; - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жүрүшүндөтабылган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрсүн; - алардын аякташы боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыктарыжөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосунакиргизсин; - билим берүү долбоорлорундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүлүштөрүн өз убагында жана толук көлөмдө каржылоо үчүн чаралардыкөрсүн; - жаш мугалимдердин депозиттерине төлөп берилүүчү төлөмдөрдөн Со-циалдык фондго чегерүүлөр жөнүндө маселени чечсин. 2. Ушул токтомду контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комите-тине (И.Ш.Өмүркулов) жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы А.Тагаев