Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2020-жылдын 27-ноябры № 6/4
Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2020-жылдын 2-ноябрындагы телефонограммасынын негизинде айылдардагы дыйкандардын ишин жакшыртуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн карантиндик зыянкечтерден тазалоо, таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү, экспорттоо жана таза түшүм алуу, отоо чөптөрдөн арылтуу максатында дарылоочу аппараттар менен көргөзгөн кызматынын тарифтик баасын бекитип берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Абдырахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап VII чакырылышынын VI кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөндөгү болжолдуу баасы бекитилсин. Дарысы атуулдардын эсебинен алынсын
1-түп бакка 2 метрге чейинки 25 (жыйырма беш) сом;
1-түп бакка 2 метрден жогоркусуна 35 (отуз беш) сом
0,01га жерди дарылоо үчүн 10 (сом),.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |