Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2020-жылдын 27-ноябры № 6/5
Улук айылына таза суу киргизүү маселеси жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап VII чакырылышынын VI кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Биргелешкен чогулуштун токтомунун негизинде Улук айылынын таза суу маселеси айыл аймак ичиндеги көйгөйлүү болуп жаткандыгына байланыштуу биринчи орун деп табылсын.
2. Биринчи орун деп табылган Улук айылына таза суу киргизүү маселеси ар тараптан колдоого алынсын жана долбоордун суралып жаткан жалпы суммасы 1000000 (бир миллион) сомдун, өздүк салымы үчүн 642000 (алты жүз кырк эки миң) сому жергиликтүү бюджеттен ажыратып берилсин.
3. Улук айылына таза суу киргизүү боюнча долбоордун ишке ашыруу, финансылык маселелерин чечүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
5. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |