Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2020-жылдын 27-ноябры № 6/6
Участкалык шайлоо комиссиясынын резервин түзүү жөнүндө
Айыл аймактагы жайгашкан участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик тизмесин толуктоо жөнүндөгү мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын торагасы Ч.Кадыркуловдун сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VI кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн №2344 Семет шайлоо участкасынын, №2345 Кош-Дөбө шайлоо участкасынын, №2372 Торук шайлоо участкасынын, №2346 Улук шайлоо участкасынын, №2373 Мундуз шайлоо участкасынын, №2432 Сары-Кашка шайлоо участкасынын, №2433 Чие шайлоо участкаларынын шайлоо комиссияларынын курамдык резерви тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүп берүү жагы суралсын.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | З.Айтмаматов |