Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2020-жылдын 29-декабры № 7/4
Аймактык милициянын коомдук тартипти сактоодогу жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматы жөнүндө
Аймактык милициянын коомдук тартипти сактоодогу жүргүзүп жаткан иштери боюнча берген маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Аймактык милициянын коомдук тартипти сактоодогу жүргүзүп жаткан иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Алдыдагы майрам күндөрү аймактык милиция бөлүмчөсү күчөтүлгөн режимде иштөө жагы сунушталсын.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |