Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2020-жылдын 29-декабры № 7/6
Мавлянов айылдык кеңешинин катчысынын милдетин аткаруу жөнүндө
Мавлянов айылдык кеңешинин катчысынын бош кызмат ордуна 2020-жылдын август айынан баштап конкурстук негизде эч бир атуул катталбагандыгынан айыл өкмөттүн катчысына милдеттендирүү боюнча Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мавлянов айылыдык кеңешинин катчылыгынын бош кызмат ордуна берилген жарыяларга негиз эч бир атуул катталбагандыгына байланыштуу, айылдык кеңештин сессияларында кабыл алган токтомдорун реестрге жана сайтка жайгаштырып, үзгүлтүкө учуратбоо максатында айыл өкмөттүн катчысына 2021-жылдын январь айынан тартып, айылдык кеңештин катчылык ордуна кызматкер келгенге чейин айыл өкмөттүн катчысына милдеттендирилсин.
2. Кеңештин катчылыгынын милдетин убактылуу аткарууда жогорудагы биринчи пунктуна негиз айыл өкмөттүн катчысына 0,5 ставка менен айлык акысы төлөнүп берилсин.
3. Акча каражатын төлөп берүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | З.Айтмаматов |