Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2020-жылдын 29-декабры № 7/9
Чие айылынын тургуну, маркум эмгектин ардагери Амиракулов Станалынын ысмын көчөгө берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Чие айылынын бир көчөсүнө учурдун талабына ылайык айылдын тургуну маркум эмгектин ардагери Амиракулов Станалынын ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чие айылындагы Матмырзаев Сүйүналынын үйүнөн баштап Шайымкулов Кыялбектин үйүнө чейинки көчө эмгектин ардагери Амиракулов Станалы атындагы көчө деп аталсын.
2.Амиракулов Станалы атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркум С.Амиракуловдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Төрага | З.Айтмаматов |