Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2020-жылдын 29-декабры № 7/11
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бүткүл дүйнөгө таркалып кеткен «COVID-19» коронавирус оорусуна каршы күрөшүп, элдин ден-соолугун коргоп, кесиптик кызматтарын мыкты аткаргандыгы жана көп жылдан бери медицина тармагында үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн №11 ҮБДТнын мед кызматкерлери:
· Жумашова Алмакан Разилбековна
· Мырзакматова Мейликан Акмырзаевна
· Карабаева Жылдыз Батыралиевна
Айыл аймагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн
· Бекмуратов Кутманалы Сүйүналиевич
· Айталиев Ашыралы
· Адашканов Абдыкапар
· Дүйшөбаев Кубанычбек
· Усупов Жоробай
Жогорудагы аты аталган атуулдарга Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуул”
наамы берилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Айтмырзаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |