Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2020-жылдын 29-декабры № 7/13
Сары-Кашка айылынын тургуну, маркум эмгектин ардагери Мадраимов Базарбектин ысмын көчөгө берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Сары-Кашка айылынын бир көчөсүнө учурдун талабына ылайык айылдын тургуну маркум эмгектин ардагери Мадраимов Базарбектин ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Кашка айылындагы Эргешов Эрнистин үйүнөн баштап Өмүралиев Жумабектин үйүнө чейинки көчө эмгектин ардагери Мадраимов Базарбек атындагы көчө деп аталсын.
2. Мадраимов Базарбек атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркум Б.Мадраимовдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Төрага | З.Айтмаматов |