Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2021-жылдын 05-февралы № №1/1
“Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (Мавлянов айыл аймагынын) 2020-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2021-жылга Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (Мавлянов айыл аймагынын) киреше-чыгашаларын бекитүү жана 2022-2023-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө”
Мавлянов айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кош-Дөбө айыл өкмөтунун 2020-жылдын бюджетинин аткарылышын жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелердин негизинде 1- тиркемеге ылайык канааттандырарлык деп табылып, бекитилсин.
2.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 7927,5 сом, теңдөөчү трансферт 10616,6 сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 421,4 сом сумма менен бюджеттин каражаттын жалпы суммасы: 18965,5 сом, атайын каражаттан ата-энелер төлөмү 1714,7 сом, дыйкан базардын жыйымынан 499,8 сумма кошулуп жалпысы 21180,0 сом суммага негиз 2-тиркемеге жана 5,6,7,8,9,10,11,12-тиркемелнрге ылайык бекитилсин.
3.Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 421,4 сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 140,5(бир жүз кырк миӊ беш жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө ал эми калган 280,9(эки жүз сексен миң тогуз жүз) сом «Кош-Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүү үчүн 704-Бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилиши менен сунушталсын.
4.Кош-Дөбө айыл өкмөтунүн 2022-2023-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджети өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөму 3,4-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5.Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү трансферт “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга жана 2022-2023-жылдардын долбоору Республикалык бюджет жонундогу” мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
6.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 240,0 сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
7.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы толоо фондунун чектеринде 300,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
8.Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
9.Жалпы бюджеттин финансылык тармактар боюнча тиркемелерге жана формаларга жайгаштыруу жагы айыл өкмөттун эсеп жана каржы бөлүмунө милдеттендирилсин.
10.Тармактар боюнча 2021-жылдын киреше жана чыгаша боюнча бюджеттин аткарылышын максаттуу жана үнөмдүү аткарылышын айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
11.Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Мавлянов атындагы айылдык кеңештин төрага: | З.Айтмаматов |