Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2021-жылдын 05-февралы № 1/2
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын киреше бөлүгүнүн 2021-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын киреше бөлүгүнүн 2021-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин берген маалыматын Мавлянов атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын киреше бөлүгүнөн 2021-жылга калган 3538,8 (Үч миллион беш жүз отуз сегиз миң сегиз жүз) сом калдык акча каражаты айыл өкмөттүн аймагындагы төмөндөгүдөй муктаждыктарга карата бөлүштүрүлсүн:
- Семет айылына курулуучу ички канал куруу 800,0 сом 70111,70629 ст: 2215, 2221, 2222, 3111, 3112
- Мундуз-Таш-Жар- Сары-Кашка айылдарынан ичүүчү таза суу түтүгүн Сары-Кашка айылына тартып келүүгө 2200,0 Раздел: 70111,70629 ст: 2215, 2221, 2222, 3111, 3112
- Таш-Жар айылына жаш жеткинчек келечек муундарды бала бакча менен камсыздоо үчүн жер аянтын сатып алууга 400,0 сом Раздел: 70111,70629, 70911 ст: 2215,2221,2222, 3111, 3112
- Айыл өкмөттун эски жылда пландалып аткарууга алынуучу түрдүү чыгымдарга 138,8,0 сом Раздел: 70111,70629,70911,70921 ст: 2215, 2221, 2222, 3111, 3112
Жалпысы: 3538,8 (Үч миллион беш жүз отуз сегиз миң сегиз жүз) сом жумшалсын.
2. Жогорудагы акча каражаттарын финансылык планга жайгаштырылыш жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы аталыштагы бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамдуу жана максаттуу аткарылышы, айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет жана каржы”маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Мавлянов атындагы айылдык Кеңештин төрагасы: | З.Айтмаматов |