Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2021-жылдын 05-февралы № 1/4
Түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө.
Айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Мавлянов (Кош-Дөбө) айыл аймагынын түзгөн келишими менен таанышып чыгып Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Мавлянов (Кош-Дөбө) айыл аймагынын статистикалык маалыматтарын жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |